«Алакандай Кыргызстан үчүн 12 министрлик деле көп» — Жапаров министрликтер тууралуу

Президент Садыр Жапаров өзүнүн фейсбуктагы расмий барагында министрликтерди кыскартуу, бириктирүү жана реформалоо боюнча айтылган сындарга жооп берди.

*Садыр Жапаровдун баракчасы өзүнө таандык экенин «Клооптун» журналистине президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктады. Ал азыркы учурда бул аккаунт расмий верификациядан өтүп жатканын дагы кошумчалады.

Жапаровдун айтымында, мамлекеттик органдарды оптимизациялоо «казынадан уурдаганды токтотууга» жардам берет.

«“Мен революция кылдым, ошондуктан өмүр бою бул кызматта калышым керек, аны жойбош керек” деп айтпай эле коёлучу», — деп жазды президент.

Ошондой эле, Жапаров кулатылган президент Аскар Акаев менен же Курманбек Бакиев менен иштешкен деген көз караштан арылууга убакыт келди деп эсептейт.

«Эгер ушинтип кете берсек, анда өлкөбүздө сабаттуу адистерди таба албай калабыз. Башка планетадан кадр издегенге туура келип калат», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле, жаңы шайланган президент азыркы убакта министрликтеги кызматтарга «мурдагыдай тааныш-билиштерди эмес, ошол тармактын адистерин» тартып жатканын кошумчалаган. Президент алар бюджеттен уурдай турган болсо, дароо камалат деп ишендирүүдө.

«Бүгүн 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволор бар. 30 жылда кимиси кызматка илинбей калса эле министрлик түзө беришкен. Аларга казынадан миллиарддар кетет, эч бир пайдасы жок. Биз ашыкчалардын бардыгын кыскарттык, болгону 12 министрлик калды. Энергосистеманын эсебинен гана 2 млрд сом үнөмдөлөт. Алакандай Кыргызстан үчүн 12 министрлик деле көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык», — деп кошумчалады Жапаров.

Ал мунун менен бирге эле учурда өлкөнүн бийлиги «жети өлчөп, бир кес» принциби боюнча иштеп жатканын белгилеп, «бир революционердин кызыкчылыктары үчүн 6,5 миллион адамдын кызыкчылыгын тепселебеш керек» деп билдирди.

Буга чейин учурдагы финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев азыркы бийлик ал жетектеген мекемени жойгону жатканын жазып чыккан.

«Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгон жатышат, силер кандай ойлойсуңар? ... Финполду Эл колдойт, Финпол элге иштейт», — деп жазды ал.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ: