УКМК мыйзамсыз курулган имараттарды буздуруш үчүн сотко кайрылды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сот аркылуу Бишкек шаарында мыйзамсыз көп кабаттуу турак үйлөрдү курган курулуш компанияларынын лицензиясын кайтарып алууну жана мыйзамсыз курулган имараттарды буздуртууну көздөп жатканын билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мыйзамсыз курулган курулуш объектилери инженердик коммуникацйиялардан ажыратылган, мындан улам курулуш иштери токтоп турат», — деп билдирет УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.

Ошондой эле, атайын кызмат «шаар курууга тийиштүү уруксаат документтери жок» курулуштар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин улантып жатканы белгилейт.

Мыйзамсыз курулуш

УКМКнын басма сөз кызматы 2021-жылдын январында Бишкекте мыйзамсыз көп кабаттуу үйлөрдү курууга байланышкан коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, турак үйлөр тиешелүү документтери жок компания тарабынан, мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынан турган топтун калкалоосу астында курулган.

Белгиленгендей, үйлөр курулуш-монтаж иштерине керектелүүчү инженердик тармакка мыйзамсыз туташтырылган.

Мындан тышкары, макулдашылбаган курулуш борбор калаанын экологиясына дагы терс таасирин тийгизери кабарланган. Аны менен бирге «белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, эч кандай компенсация төлөнбөстөн куруучунун эсебинен милдеттүү түрдө бузулууга жатат».УКМК аталган имараттар тек кайсыл компанияга тиешелүү экенин ачыктаган эмес. Бирок жарыяланган сүрөттөргө жана үйлөрдүн жасалгасына караганда, дал ушундай объектилерди Elite House курулуш компаниясынан көрүүгө болот.

Мисалы, УКМКнын сүрөтүндөгү имараттардын бири жасалгасы боюнча Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Континенталь» турак-жай комплексине окшоп кетет.

Дагы бир имарат Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Эл Классик» комплексине түспөлдөшөт. Имаратты үйдүн бурчтарындагы мүнөздүү куполдорунан таанууга болот.