Кримтөбөл «Женго» ТИЗОго киргизилди, адвокат ага карата кыйноо болуп жатканын билдирди

«Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов сот өндүрүшү бүткүчө УКМКнын тергөө изоляторуна (ТИЗО) киргизилди. Чечимди 11-февралда Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Досоновго карата башка коргоо чарасы 2021-жылдын 8-апрелине чейин кабыл алынганы белгиленет.

Досоновдун адвокаты Kaktus.mediaга курган маегинде кримтөбөл Оштон Бишкекке келери менен УКМК тарабынан кыйноо жана ур-токмокко алынганын билдирди. Анын айтымында, Досонов аэропорттон чыгып УКМКга жеткиче жол бою, андан соң мекеменин имаратынын өзүндө да сабалган.

«Кыр арка сөөгү жабыркаган, бетинде тактар көрүнүп турат. Ал УКМКнын кызматкерлери сабаганын айтууда», — деди ал.

Адвокат бул боюнча Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен акыйкатчыга кайрылганын айтып, мындан тышкары Башкы прокуратурага да арыздана турганын кошумчалады.

«Кызматтык жана жооптуу адамдарды жоопко тартыш үчүн бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү керек, себеп дегенде кармалгандан кийин анын саламаттыгы менен өмүрүнө мамлекет жоопкерчилик алат. Аны коркутуп, күчүн көрсөтүш үчүн сабашкан», — деди ал.

ТЕМА БОЮНЧА: УКМК: «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалды

«Эл көзүнө шоу кылып коёбуз». УКМК Женгонун адвокатынын үйүн тинтүүгө алды