Президент Садыр Жапаров Москвага кетти. Аны коштогондор кимдер?

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров биринчи чет элдик сапары менен Орусияга кеткенин билдирди. Сапар алкагында Жапаров 24 жана 25-февралда «эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин» талкуулоо үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Орусиянын президентинин басма сөз кызматы Жапаров менен Путиндин жолугушуусу Москвада 24-февралда өтөрүн кабарлайт.

«Орус-кыргыз кызматташтыгынын саясий, соода-экномикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташтыгын мындан аркы өнүктүрүү жолдорун жана анын абалын кароо, анын ичинде евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландалууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Жапаровдун Орусиянын жогорку кызматтагы аткаминерлери, Орусияда эмгектенип жана окуп жүргөн кыргызстандыктар, мекендештер жана студенттер менен жолугушуусу пландалган.

Жапаровду кимдер коштоп кетти?

Аны менен кошо, президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кошумча дагы 15 ар кандай рангдагы аткаминерлер кеткен:

тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;

вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев;

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;

коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;

Бишкек шаарынын мэринин м. а. Бактыбек Кудайбергенов.

Жапаровдун Орусияга алгачкы сапары

Казакстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жапаров алгачкы сапарын Казакстандан баштоону убаладаган. Анда Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, аны президент катары расмий иш сапары менен Казакстанга келип кетүүгө чакыркан. Кыргызстандын президентинин аппараты жана Галина Байтерек бул билдирүүнү төгүндөгөн эмес.

Бирок январдын аягында Садыр Жапаров инаугурациядан кийин алгачкы иш сапары менен Орусияга бара турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу маалымат вице-премьер Равшан Сабировдун атынан бир катар ЖМКларга жарыяланган. Ал Жапаров Орусияга иш сапары менен гана барбастан газ маселесин дагы талкуулайт деп билдирген. Кийинчерек бул маалыматты Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек дагы бышыктаган. Ал жаңы шайланган президент Орусиядагы жолугушууларда так эмнени талкуулай турганын айткан эмес.