Садыр Жапаров: Кумтөрдү ким текшерсе да айырмасы жок, жыйынтык менен келсе болду

Президент Садыр Жапаров «Кумтөрдү» текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчылыгына депутат Акылбек Жапаровдун дайындалышы боюнча сын-пикирлерге жооп берди.

«“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин “Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду”, — деп айткан.

Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот», — деп жазды президент инстаграм барагында.

17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөр» алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүшкөн. Муну «Республика–Ата Журт» фракциясы демилгелеген.

Аталган фракциянын лидери Жыргалбек Турускуловдун айтымында, 2012-2013-жылдары иш алып барган депутаттык жана мамлекеттик комиссиялардын «Кумтөр» боюнча чыгарган чечимдерине кабарастан, коомдо алтын кенин иштетүү боюнча суроолор дагы деле көп.

Бул эки комиссия тең 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиев кулатылгандан кийин түзүлгөн. Алар 2009-жылы Бакиевдин тушунда түзүлгөн макулдашуу «өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бербейт» деген чечим чыгарып, аны кайра карап чыгууну сунушташкан.

Centerra Gold Inc. алтын казуучу компания менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлган.

Айта кетүүчү жагдай, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссияны 2012-жылы азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген.