Кыргызстан нефтини ЕАЭБдин аймагынан башка жактарга экспорттоого убактылуу тыюу салды

Кыргызстандан мунайды жана мунай заттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт бул чечим мунайга жана мунай заттарына болгон бааны ички рынокто турукташтыруу максатында кабыл алынганын түшүндүрдү. Чектөө ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тыюу транспорт каражатынын май куюучу бактарындагы, ошондой эле, көлөмү 20 литрден ашпаган башка идиштеги мунай продуктуларына жайылтылбаганын белгиледи.

Бажы кызматы, финпол, УКМКга караштуу Чек ара кызматы, Транспорт министрлиги бул тыюунун аткарылышына багытталган зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

«Мунайды жана мунай заттарын дүң сатуу жана чекене баалардын өсүшү бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдө да байкалууда», — деп, өкмөттүн басма сөз кызматы белгиледи.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын (КНА) аткаруучу директору Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйынында үстүбүздөгү жылдын март айында бензиндин баасы 8 сомго чейин кымбатташы ыктымал экенин билдирген.

Күйүүчү майлоочу каражаттардын баасы эмне үчүн өсүп жатат?

Эшатовдун айтымында, 2021-жылдын башынан бери Орусиянын нефть иштетүүчү заводдорунда бензин жана дизель отунун дүң сатууда коюлган баа кымбаттаган. Мындайча, 1 литр бензиндин баасы 67%га, же 14 сомго, ал эми дизель 31%га, же 8 сомго кымбаттаган.

«Мындан тышкары, 2021-жылдын башынан бери Казакстан Кыргызстанга мунай заттарды экспорттоону бир тараптуу токтоткон. Буга чейин 2020-жылдын май айынан бери мунай зат экспортуна уруксат берилген. Анын үстүнө, Казакстандын өзүндө азыр дизель отунунун таңкыстыгы жаралып, бул мунай заттын баасы өскөнү байкалууда. Натыйжада бизде да дизелдин баасы 5 сомго кымбаттаган», — деди Эшатов.

Эшатов күйүүчү майдын баасы сом девальвацияга кабылганына байланыштуу жогорулап жатканын белгилеген — 1 литр 6-7 сомго кымбаттаган.

Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги байкалууда. Баткен облусунун Исфана шааарынын жашоочуларынын айтымында, ушул тапта аталган аймакта бензиндин баасы 50 сомго чейин жеткен. Көпчүлүк май куюучу жайларда күйүүчү май жоктугунан узун кезектер пайда болгон.