Өлкөдө коронавирустун 48 жаңы учуру катталып, 49 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 3-мартта өлкөдө коронавирустун 48 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Коронавирустун эң көп учурлары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 17 жана 13. Ошондой эле Ысык-Көл жана Ош облустарында алтыдан, Ош шаарында үч, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын жана Баткен облустарында бирден кишиде COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 49 бейтап айыкты — алардын ичинде үч медкызматкер бар.

COVID-19дан Бишкек шаарында — 17, Чүй облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда тогуз, Ош шаарында, Нарын жана Талас облустарында үчтөн, Ош облусунда эки бейтап айыкты.

Мындан сырткары Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 359га жетти. Алардын ичинен 83 318 бейтап айыгып, 1 468 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 355 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 14 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 275 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.