Суваналиев өкүл баласын орун басар кылып алганын четке какты

Өмүрбек Суваналиев жана Эрлан Сапарбаев. Сүрөт: turmush.kg

Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарлык кызматка Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаевди дайындаганын ырастады.

Суваналиев Сапарбаев экономика жана каржы жаатында иш алып барарын жаңы орун басар — «кризис-менеджер» экенин билдирди.

«Ал бул жакка келгенине сүйүнүп жатабыз. Анткени жогорку квалификациялуу, мурда министр болуп жүргөн инсандар Баткенге губернатордун орун басары болуп келүүгө макулдук бербейт. Бирок булар кризис-менеджерлер. Программаны түзгөндөрдүн бири болуп жатат, анткени биз Баткен облусуна өзгөчө макам алып жатабыз», — деди Суваналиев.

*Баткен облусуна өзгөчө макам берүү планы тууралуу 16-февралда премьер-министр Улукбек Марипов дагы билдирген. Анын айтымында, Баткенде чек арага чектеш аймактарда такталбаган участоктор бар жана «облустагы кырдаал абдан оор» болгондуктан, өкмөт учурда бул маселени карап жатат.

Кийинчерээк, Баткен облусунун чек арага жакын жашаган айылдарынын тургундары менен жолугушуп жатып, бул пландарды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган. Анын айтымында, эгер Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо аймакка генерал-губернатор дайындалат. Анда жетекчи өзү бийлик органдарынын башчыларын дайындоого жана жумуштан кетирүүгө жол берген өзгөчө укукка ээ болот, маселелени өзү жеринен чечет. Мындан тышкары, анын өзүнүн финансылык ыйгарым укуктары да болот, аны менен катар борбордук бийликке көз каранды болбойт.

Ошол эле учурда, Суваналиев социалдык тармактарда тараган Сапарбаев анын өкүл баласы деген маалыматты төгүндөдү. Өкмөттүн облустагы өкүлү анын бир да өкүл баласы жок экенин, ал эми Сапарбаев менен эч кандай туугандыгы жок экенин белгиледи.

«Менин бир да өкүл балам жок. Эрлан Сапарбаев менен мен Нарында чогуу иштегем […] Ал менин өкүл балам деген маалымат чындыкка дал келбейт. Сапарбаевдин өкүл атасы — Токой чарбасы министрлигинин мурдагы жетекчиси Туратбек Мүсүралиев», — деди ал.

*2008-жылдан 2010-жылга чейин Суваналиев Нарын облусунун губернатору болгон, ал эми Сапарбаев ошол кезде анын орун басары болуп иштеген. Туратбек Мүсүралиев Мамлекеттик токой чарба кызматынын мурдагы төрагасы болгон.

Өмүрбек Суваналиев үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Баткен облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин Суваналиев Коопсуздук кенешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Бул кызматтан ал 2020-жылдын 10-октябрында четтетилген.

Эрлан Сапарбаев деген ким?

Эрлан Сапарбаев — Нарын облусунда туулган, билими боюнча эколог. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Бул кызматка Сапарбаевди «Ар-Намыс» фракциясы сунуштаган. Бирок «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткен. Анда Кулов Сапарбаев мекемедеги коррупцияны тизгиндей алган жок деп сындаган.

2013-жылы Сапарбаев жана ошол кездеги Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов биометриялык паспортторго өтүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын башында турган. Комиссия ишин жыйынтыктаган соң өкмөткө жаңы муундагы документтерди ишке киргизүү боюнча сунуш берет деп болжолдонгон.

Сапарбаев ошол кездеги «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Болот Токсобаевге биометрия боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн консультанттар тобун жалдоо тапшырмасын берген. Жыйынтыгында ал топ түзүлгөн.

Бирок, 24.kg маалымат агенттигинин журналисттери 2014-жылы ошол кезде «эксперттик топко» 9 адам киргенин, алардын арасында бут кийим чыгарган фирманын финансылык директору, Sunpeople ивент-агенттигинин өкүлү сыяктуу адамдар болгонун аныктаган. Басылма топтун мүчөлөрүнө интернеттен көчүрүлгөн документке кол коюп бергени үчүн 3 млн сом төлөнгөн деп айтып чыккан.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Сапарбаев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан 16-катарда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышкан. Ошол эле партиянын тизмесинде Суваналиев экинчи катарда болчу.