Видео: Бишкекте 92 миң сомун тоноткон таксист унаадан түшө качууга аргасыз болгон

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери такси айдоочусун тоногон эки шектүүнү кармады. Шектүүлөр 21 жана 17 жашта. Бул тууралуу 3-март күнү Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-февралда болгон. Жабырлануучу «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада эки жигит менен бараткан. Машина Лев Толстой көчөсү менен келе жатканда алар айдоочуга күч колдонуп, 92 миң сом жана 15 миң сомдук «Redmi Note Pro» уюлдук телефонун тартып алышкан.

Тоноо учурунда айдоочу жүрүп бараткан унаадан түшүп калууга аргасыз болгон. Ал ошол эле күнү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Тоноо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Октябрь райондук соту шектүүлөрдүн бирин эки айга №1 тергөө изоляторуна киргизди. Экинчи шектүү жашы жете элек болгонуна байланыштуу ал келип туруу жөнүндө милдеттенменин негизинде коё берилген.

Учурда кармалгандардын башка кылмыш иштерге байланыштарын изилдөө улантылууда.

2020-жылдын 30-майга караган түнү алты адам Бишкекте таксиге отуруп, Чүй облусунун Аламүдүн районуна жеткирүүнү суранышкан. Алар Баш-Кара-Суу айылынына жеткенде айдоочуну тапанча менен коркутуп, болгон акчасын жана телефонун тартып алышкан. Ошондой эле, кылмышкерлер жабырлануучунун унаасын чачып, тетик катары сатууну көздөшкөн.

Арадан эки жума өтүп унаа Токмок шаарындагы гараждардын биринде табылган. Ал эми шектүүлөргө карата «Карактоо» беренеси менен айып тагылган.