Мэрия Бектенов көчөсүндө бактарды кыйып, тургундардын жерлеринин эсебинен жол кургусу келет

Бишкек мэриясы Бектенов көчөсүн эки тилкелүү магистраль кылып, Скрябин көчөсү менен кесилиште Түштүк ЧЧК аркылуу көпүрө салууну көздөп жатат. Тургундардын айтымында, бул үчүн шаар бийлиги алардын менчик жерлериндеги тосмолорду бузуп, бак-дарактарды кыйып, көчөнү үйлөрдүн дубалдарынын түбүнө чейин жеткире кеңейтүүнү көздөйт.

Бектенов көчөсүндө жашагандар алар менен эч ким алдын ала сүйлөшпөгөнүн айтышууда. Мындан тышкары, шаар бийлиги пландалып жаткан жол иштери жөнүндө аларга маалымат берген эмес. Тургундар үчүн бул маалымат күтүлбөгөн жерден чыккан.

Көчөнү эки эсе кеңейтүү планы бар — азыр анын туурасы 4 метрди түзөт — жолчулар үйлөрдүн тосмо дубалдарына боёк менен белгилерди коюп кетишкен. Муну көрүп нааразы болгон тургундар бийликке жооп катары үйлөрүнүн терезелерине жана тосмо дубалдарына бул маселе боюнча өздөрүнүн жарандык оюн чагылдырган жарнактарды жайгаштырышкан.

Көчө кеңейип калса, транспорттун агымы кескин түрдө өсүп, жол кырсыктары көбөйүп, райондун экологиясы бузулуп кетет деп чочулап жатышат тургундар. Анын үстүнө, үй ээлери дарбазадан чыкканда дароо эле унаалар жүрүүчү жолго такалышаарын, көчө кичинекей балдарга да өтө кооптуу деп кооптонушууда.

Бектенов көчөсүнүн тургундарынын ою боюнча, шаар бийлиги бул көчөдө көбүнесе пенсионерлер менен улгайып калган адамдар жашаганы үчүн жол оңдоо иштерин дал ушул жактан баштоону чечишкен. Райондогу Бектенов көчөсүнө жакын жайгашкан Матросов, Беларус, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү жол оңдоого алда канча ылайыктуу, бул көчөлөр кыйла кенен жана эбактан бери оңдоо иштерине муктаж дешет тургундар.

«Мэрия көчөбүздү кеңейтүү менен башка көчөлөрдөгү транспорттук жүктү жеңилдетүүнү ойлоп жатканын айтты. Көрсө бул реконструкция кытай грантынын алкагында болуп, берилген каражаттарды иштетип, өздөштүрүш керек экен. Узундугу 1700 метрди түзгөн Бектенов көчөсүн кеңейтүү транспорттук тыгын маселесин эч чече албайт. Алар [шаар бийлиги] алгач Матросов көчөсүн кеңейткени жатышкан. Бирок биздеги маалымат боюнча алар ошол жактагы хан сарайлардын ээлери менен сүйлөшүп алышкан. А биздин көчөдө болсо негизинен пенсионерлер гана жашайт», — деп тургундар Kaktus.media басылмасына айтып беришкен.

Тургундардын айтымында, 6-март күнү Октябрь райондук администрациянын жана мэриянын өкүлдөрү алар менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат.

Шаардыктар бул көчөнүн оңдолушуна каршы эмес, алар анын кеңейтилип, чоң жол болуп кетишине каршы экенин белгилешет. Тургундар өздөрүнүн жеке менчигин бардык мыйзамдуу жолдор менен коргоого даяр экенин билдиришти.

Зияш Бектенов көчөсүндө жашагандар Бишкек мэриясына, Октябрь райондук администрациясына, Башкы прокуратурага маселени карап чыгып, жөнгө салып берүү өтүнүчү менен кат жазышты.

Тема боюнча: Бишкек бийлиги Токтоналиев көчөсүндөгү 100дөн ашык бакты кыйды