Ош: Аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүштөн сүрөт баян

Ош шаарында 8-март күнү аялдар менен кыздарга карата зордук-зомбулукка жана фемидицидге каршы тынчтык жөө жүрүшү өттү. Иш-чарага 50гө жакын жарандык активист катышты.

Жүрүштүн катышуучулары Курманжан датканын эстелигинен «Энелердин көз жашы» монументине чейин шаардын борбордук көчөлөрүн аралап басышты. Анда аялдарга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук, кыздарды ала качуу менен мажбурлап турмуш курдуруу, келиндерди басмырлоо, аялдардын фамилиясын балдарына берүүдөгү көйгөйлөр, аялдардын саясаттагы орду тууралуу чакырыктар айтылды.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Мадина Салайдинова бул жылкы марш негизинен үч темага арналганын айтты. Алар — пандемия шартында зомбулуктун көбөйгөнү, фемицид жана аялдардын саясаттагы ордуна байланышкан.

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Салайдинова бул темалар менен уюштуруучулар мамлекетке зомбулук болгон учурда өз милдеттерин аткарышы керектигин эскерткиси келгенин айтты. Ошондой эле Жогорку жана жергиликтүү кеңештерге аялдар көбүрөөк келиши керек дейт.

«Бул жылы парламентке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Биз бул процестерде аялдардын катышуусун каалайбыз. Себеби негизинен Жогорку жана жергиликтүү кеңештердеги аялдар гана кыздар менен аялдар туш болгон көйгөйлөрдү алып чыгышат», — деди Салайдинова.

Дагы бир уюштуруучу үй-бүлөлүк зомбулук «жылдан-жылга көбөйүп жаткандыктан да» жүрүшкө чыкканын айтты.

«Биз аялдарга карата зордук-зомбулукка жана фемицидке каршы болуп чыктык. Былтыркы жылы пандемияга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдары тыюу салган болчу. Быйыл да биз аларга кулак кагыш кылдык. Азырынча тынч, бирок укук коргоо органдары биз менен байланышка чыгып жатышты. Былтыркыдай коркутуулар болгон жок. Бирок дагы да көрө жатаарбыз», — деди ал.

Бул транспарантты алып чыккан Инабатхан Султанова жүрүшкө чыгып жатканына ушуну менен төрт жыл болгонун айтты. Султанова муну өлкөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу абалга кайдыгер эместиги менен түшүндүрдү.

Ошондой эле ал 8-марттын белгиленишинин түпкү мааниси аялдар өз укуктары менен күрөшүүгө чыккан күн деп түшүндүрүп, «бул гүлдөр берүүнүн майрамы эмес» дейт.


«Плакатымда өзбек тилинде “Мен сиздин ушагыңызга жана сөздөрүңүзгө зар эмесмин” деп жазылган. Мен мындай маршка төрт жылдан бери чыгып келем. Бул арада коомдогу өзгөрүүлөрдү мен жаш муундан гана көрө алдым. Тилекке каршы улуу муунда өзгөрүү жок. Мындай марштар жаштарга гана таасир кылууда», — деп кошумчалады ал.


Марштын дагы бир катышуучусу сырттагы кишилер тарабынан аларга карата чагымчылдык кылууга да аракеттер болгонун айтты.

«Мени жаныбыздан өтүп бараткан кишилердин реакциясы таң кылды. Кимдир бирөөлөөр бизге жылмайышты, сүрөткө тартып жатышты. Ал эми кээ бирлери бизге жооп кылып бир нерселерди кыйкырып жатышты, бирок биз провокацияга алдырбоого аракет кылдык», — деди ал.

Мындан сырткары ал, «жүрүш кыска убакытка созулса да, бул Ош шаарынын коомчулугун жаңы деңгээлге көтөргөнгө жардам берет» деген пикирде.

Иш-чарага келген укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева аялдарга карата зомбулук көпчүлүк учурда ашкереленбегенин айтып, кайдыгер болбоого чакырды.

Ошондой эле ал аялдарга карата зомбулук коомго «чоң зыян алып келет» деп, бийлик өкүлдөрү аялдар үчүн коопсуз шарттарды түзүп бериши керектигин айтты.

«Ар бир аял канчалык ооруса, мамлекетке ошончолук финансылык чыгым болот. Зомбулукка кабылган аялдар өз балдарын жакшы тарбиялай албайт. Бийлик, бийликте отурган аткаминерлер, биз жакшы коомду өстүрөбүз десек энелерге коопсуз коом түзүп беришибиз керек. Ошондо гана энелер бизге тартиптүү, акыл-эстүү, дүйнөсү кенен жаштарды тарбиялап берет», — деди Мамасалиева.

Бир сааттан ашуун убакытка созулган маршта төмөнкүдөй чакырыктар жаңырды: «сабайт — демек кесилет», «келин — сенин кулуң эмес», «сен жалгыз эмессиң, биз сен менен», «ала качуу — салт эмес, ала качуу — бул кылмыш», «өзүмдүн укугумду коргоо — менин милдетим», «мен объект эмес аялмын», «мен коопсуз өлкөдө жашагым келет», «алгач урат кийин өлтүрөт», «аял аялды колдо», «зордук-зомбулук — кылмыш», «матчество болушу керек», «Бурулайдын жашагысы келген», «бизге укук керек — гүл эмес», «кызыл камчы сынсын», «эркиндик, теңдик, эже-сиңдилер», «мен идиш жуугуч эмес аялмын».

Бүгүн, 8-мартта, Ош жана Бишкек шаарларында аялдар менен кыздарга карата зомбулукка каршы жөө жүрүштөр болуп өттү. Ош шаарынын өзүндө аталган марш 2017-жылдан бери уюштурулуп келет.

Бирок 2020-жылы жөө жүрүш өтпөй калган болчу. Муну уюштуруучулар аларга Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан коркутуулар болгону менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле алардын айтымында, мэриядан активисттерге «бул туура эмес, акыл-эсиңер менен болгула. Шерменде болосуңар, колуңардан кайрып алып кетишет» деген сөздөрдү айтышкан.

Сүрөттөрдүн автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop

«Камайбыз». Оштогу марштын уюштуруучулары коркутуулар болгонун айтып чыгышты

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү