Алгач Нарын облусунун акимдери аттестациядан өтөт

Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Ал алгач аттестация Нарын облусунан башталарын айтып, район башчыларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерерин билдирди.

«Бул иш чара президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде башталып жатат. Ал буйрукта райондун акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүп, андан кийин конкурстук негизде жумушка дайындалат. Азыркы учурда кимдер аттестациядан өтөт баардыгынын аты жөнү такталып, атайын комиссия түзүлдү», —деди Маматалиев.

Ал ошондой эле, ар бир облуска алдын ала комиссия барып, аттестация өтө турган жерлер дайындаларын кошумчалады. Аттестацияны жүргүүзүү онлайн форматында болуп, Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында илинет. Каалаган адамдар көрсө болот.

Маматалиев аттестация үч тур менен өтүп, экинчи, үчүнчү тур тест түрүндө болорун айтты. Биринчи турда маектешүү, экинчи турда ыкчам кырдаалда чечим кабыл алуу жана үчүнчү турда билим сапаты текшерилет.

Ошондой эле тестти эң жакшы тапшырган акимдер жана алардын орун басарлары кызматынан жогорулатылат, ал эми орто тапшыргандары орундарында калат, эң төмөн тапшыргандар болсо жумушунан алынат.

Буга чейин, премьер-министр Улукбек Марипов 22-февралда президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндөгү» 29-январда кол койгон жарлыгына байланышкан кайрылуу жасаган.

Анда ал, бул жарлык «мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана тажрыйбасын түп тамырынан өзгөртүүгө шарт түзөрүн» белгилеген.

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн өкмөт район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүү системасын киргизет. Ошондой эле акимдерди ротациялоо принциби ишке ашырылат.