Нарын шаары: Насыяга орнотулган суу түтүгүнүн айланасындагы чыр эки жылдан бери чечилбей келет

Нарын шаарынын тургундары жаңы орнотулган суу түтүктөрүнүн жарылып жатканына нааразы. Алар түтүктөрдү орноткон «Минур» компаниясы курулуш талаптарын толук аткарган эмес, ал эми мэрия акчаны «жеп алган» деп эсептейт. Нарын шаардык мэриясынан кабарлашкандай, курулуш иштери кабыл алына элек жана кемчиликтер боюнча тийиштүү органдарга кабар берилген. «Нарын суу-канал» ишканасы жаңы суу түтүктөрү талапка жооп бербегени үчүн токтотулганын айтат. Бул пикирлерди «Минур» компаниясы четке кагып, суу эки жылдан бери берилип жатканын белгилейт.

«Үч жылдан бери суунун азабын тартып келе жатабыз»

2018-жылдын сентябрь айларында «Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» үчүн атайын долбоордун негизинде үч көчөгө суу түтүктөрү киргизилген. Эң негизги көчөсү Шералиевди кошкондо жалпы узундугу 8 600 метрдик жаңы суу түтүк тармактарын куруу пландалган.

Иштер толук бүткөрүлүп, ал тургай курулуштан бир топ каражат үнөмдөлгөн. Иш толук кандуу бүткөнү менен мэрия суу түтүктөрүн кабыл ала элек. Буга шаар тургундары нааразы.

«Быйыл биз үчүн аябай оор болду. Суу түтүктөрү жарылып, үйдөгү суулар тоңуп калды. Аларды эритиш үчүн суу канал ишканасына кайрылсак эч кандай чара көрбөйт. Бул көрүнүш үч жылдан бери кайталанып келет. Азабын тартып эле келатабыз», — деп кейийт Шералиев көчөсүндө жашаган Аманбек Акматов.

Шералиев көчөсү аркылуу Нарын шаарын суу менен камсыздаган негизги үч түтүк өтөт. Алардын бирөө 1960-жылга таандык жарактан чыккан асбесттик түтүк болсо, экинчиси 1983-жылы орнотулган, диаметри 300 мм, абалы начар металл труба. Үчүнчүсү болсо жаңы курулган.

Тургундардын айтымында, жарылган ар бир жерди оңдотуу үчүн өз чөнтөгүнөн 2000 сом төлөшөт.

«Биз суунун акчасын “Нарын суу-канал” ишканасына төлөйбүз. Кандай иш болуп жатканын тургундар биз дагы жакшы түшүнбөй жүрөбүз. Бизге өйдө жактан келе турчу сууну ошол компания жакшы жасабагандыктан суу кайра жарылат деп жаап коюшту. Бизге суу азыр жаңы түтүктөн эмес, ылдый жактан келет», — дейт Акматов.

Суу токтоп калган күндөрү тургундар ичүүчү сууну башка жерлерден ташып келет. Айрымдары автоунаа менен ташыса, кээ бирөө чакалап ташыйт.

Тургундардын айтымында, суу түтүктөрү орнотулганда ар бир үйгө суу кошулуп, эсептегичтер коюлат деп айтылган. Бирок, суу түтүктөрүн айрымдары өз эсебинен койдурган, эсептегичтерден дайын жок.

«Мэрия курулуш иштерин кабыл ала элек»

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокматов «Клоопко» берген маегинде суу түтүктөрүнүн жарылып жатканын компаниянын ишти жакшы жасабай койгону менен байланыштырат. Ошондуктан 2019-жылдан бери жаңы суу түтүктөрү иштебей жатат деп ишендирүүгө аракет кылды.

Суу түтүктөрүн киргизүүгө финансылык колдоо Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (кредиттик негизде), Швейцария өкмөтүнүн (гранттык негизде) эсебинен жүргүзүлгөн. Суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоого 1 691 775 евро каралган.

Тендер Нарын шаардык суу каналы жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан өткөрүлүп, банктын электрондук порталына киргизилген.

2018-жылы суу түтүктөрүн киргизүүгө 850 182 евро иштетилсе, 841 593 евро үнөмдөлүп калган. Нарын шаарынын башчысы бул каражаттар 2021-жылы шаардын чет жакасындагы суу түтүктөрүн оңдоо үчүн колдонула турганын айтты.

«Бүгүнкү күнү реабилитациялоо жумуштары жыйынтыкталган. Суу тутумун жыйынтык сыноодон өткөрүү иши пландалган, ал 2021-жылдын март айына туура келет. Сыноодон өткөрүлгөн соң, жаңы суу түтүк түйүнүн баланска кабыл алуу жана аны пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынат», — деди Молдокадыров.

Ал ошондой эле, суу түтүктөрү өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан жана кыш мезгили болгондуктан кабыл алынбай жатканын айтты.

Нарын шаардык мэриясы Фейсбук баракчасына суу түтүктөрү жарылып жатканы тууралуу маалымат чыгарган. Ага шаар тургундары терс комментарий жазып, нааразылыгын билдиришкен.

«Суу каналдын жетекчилеринин шалаакылыктары да, бөлүнгөн акчаны толук жумшабай жеп коюшса ушинтип кышында жарылып, карапайым эл сууга жетпей кыйналышат...», — деп колдонуучулардын бирөө суу канал ишканасынын жетекчилигин айыптаган.

Бир күндөн кийин мэрия эски суу түтүгү жарылганын жазган.

Андан 10 күн өткөндөн кийин эле Шералиев көчөсүндө дагы бир жарылуу катталган. Мэрия авария жеке абоненттин суу түтүгүндө катталганын билдирип, жергиликтүү тургундардын таза сууну үйүнө өз алдынча, туура эмес кошуп алганы ушундай кесепеттерге алып келип жатканын билдирген.

Ал эми «Нарын шаардык суу-канал» ишканасынын маалымдашынча, учурда жаңы киргизилген полиэтилен түтүктөрү колдонулган жок. Жаңы суу түтүктөрүндөгү жарылуулардан жана талапка жооп бербегендиктен суу берүүнү жаап салышкан.

«Нарын шаарынын тургундары азыркы учурда эски суу түтүктөрү менен суу ичишет, себеби жаңы түтүктөр ишке кире элек. Жаңы түтүк киргизилип бүткөндө эле жарылуулар болуп, ошондо эле алар аркылуу суу берүүнү токтотконбуз», — деди ишкананын жетекчиси Сарбагыш Эсеналиев.

Анын айтымында, таза суу үчүн тургундар киши башына 8 сомдон, ал эми үйүнө суу киргизип алгандар 23 сомдон төлөшөт.

«Жаңы киргизилген суу түтүгү 3 жылдан бери бир дагы жарылуусуз иштеп жатат»

Тендерге жалпы төрт компания катышып, эң төмөнкү баа сунуштаган «Минур» жоопкерчилиги чектелген коому жеңип чыккан. Компаниянын жетекчилигинин айтымында, 2018-жылы декабрь айларында эски түтүктөр жарылып жаткандыктан Нарын шаарынын вице-мэри Давид Курманов суу түтүктөрүн убактылуу пайдаланууну суранган. Ошондон бери суу түтүктөрү колдонулуп жатат.

«Техникалардын бардыгы өзүбүздүкү, арендага алган жокпуз. Келишимге ылайык иштер 2019-жылдын апрель айына чейин бүтүшү керек болчу. Биз жумуштун 90 пайызын 2018-жылы декабрь айында бүткөргөнбүз. Ал эми 2019-жылы жазында иштин 99 пайызы бүткөн», — дейт «Минур» компаниясынын техникалык директору Акылбек Исмаилов.

Исмаилов суу түтүктөрү иштин 90 пайызы бүткөдө убактылуу пайдаланууга берилгенин айтат. Ал эми 2019-жылы иштер толугу менен аткарылганда карантинге байланыштуу кабыл алуу иштери жылдырылган дейт.

«Минур» ЖЧКсы «Нарын шаардык суу-канал» ишканасынын «суу түтүктөрү жарылуудан улам колдонулбай турат» деген пикирин четке какты. Себеби, Нарын шаарында суу түтүктөрүн көзөмөлгө алган кызматкерлери күн сайын суу берилип жатканына отчёт берип турат деп ишендирди.

«Азыркы учурда биз койгон суу түтүктөрү иштеп жатат. Шаар тургундары ошол түтүк аркылуу суу менен камсыздалууда. Мэрия кабыл алмайынча жарылган жерлерди өзүбүз оңдоп түзөйбүз. Суу жаңы киргизилгенде басым тууралангыча жарылуу болгон, бирок андан кийин бир да жери жарыла элек», — деп белгилейт Акылбек Исмаилов.

Тургундардын «мэрия акчаны жеп алды» деген пикирин курулуш компаниясы четке кагат. Себеби, курулуш үчүн жумшалчу сумма түздөн-түз Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынан «Минур» ЖЧКсынын эсебине которулуп турган.

Кредит 2020-жылдан баштап Нарын шаардык мэриясы тарабынан төлөнмөк. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана бюджеттин тартыштыгана байланыштуу кередитти төлөө мөөнөтү 2023-жылга узартылган.

Материалдын авторлору: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов

Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.