Кытайдын вакцинасы менен эмдөө апрелде башталат

Кыргызстанда Кытайдан жардам катары келген «Синофарм» компаниясынын вакцинасы менен эмдөө апрель айында башталат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова «Клоопко» билдирди.

Ал бул вакцина менен алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда «кызыл зонада», реанимацияда, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, андан соң мугалимдер эмделерин айтты. Ошондой эле, 65 жаштан жогору курактагылар дагы эмделет.

Ишенапысованын айтымында, 150 миң дозалык «Синофарм» компаниясынын вакцинасы медицина кызматкерлери жана мугалимдерге үчүн гана каралган. Ал эми катардагы жарандарга бул вакцина каралган эмес. Ошондой эле, ал катардагы жарандар милдеттүү түрдө эмделбей турганын, каалагандар гана өтөөрүн кошумчалады.

Ал буга чейин 75 миң адамга ылайыкталган Кытайдын «Синофарм» вакцинасы 19-мартта келишимдин алкаганда жардам катары келгенин айткан. Андан сырткары аталган вакцина март айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан катталуусу күтүлүп жатканын кошумчалаган.

«Эмдөө жүргүзүү үчүн алгач элден сурамжылоо жүргүзүлөт. Сурамжылоонун негизинде коронавирус менен мурда ооруп же оорубаганы аныкталат. Эгерде ал адам 6 ай мурун ооруса анда ага вакцина сунушталат. Каалаган адамдар эмдөөдөн өтө алат. Дени сак адамдар текшерүүдөн, сурамжылоодон кийин эмдөөдөн өтүшү керек», — деди Ишенапысова.

Ал вакцина кишилерге эки этап менен 25 күндүк аралык менен сайыларын кошумчалады. Ошондой эле, эсептөөлөргө ылайык, жалпысынан үч миллионго жакын адамды эмдөө пландаштырылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөт Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донорлор менен башка вакциналарды сатып алуу планын иштеп жатат.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

Бүгүнкү күнү, 24-мартка карата илдеттен 400 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 324 адам үй шартында дарыланууда.

Коронавируска каршы вакциналар

Жылдын башында Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлиги Pfizer вакцинасынын 1 млн 200 миң дозасынан баш тарткан. Бул вакцина COVAX глобалдык альянсынын алкагында акысыз сунушталган, бирок аны сактоочу муздаткычтар жок болгонуна байланыштуу вакцина келген эмес.

*Pfizer вакцинасы -70⁰ температурада сакталышы керек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, анын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт, ал эми 65 жаштан жогорку курактагы адамдарда — 94%дан жогору.

Ал эми февралдын башында өлкөгө оксфорддук AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келе турганы белгилүү болгон. ССМ бул вакцина менен кыргызстандыктардын 20%ы эмделе турганын билдирген. Мындан сырткары өкмөт Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Көп өтпөй AstraZeneca вакцинаcын колдонуудан Дания, Норвегия, Исландия, Болгария жана Таиланда убактылуу баш тарткан. Буга мамлекеттердин вакцина алган адамдарда тромб [кан тамырда уюган кан] жаралуу кооптуулугу себеп болгон.

Анткен менен Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө тромб жаралуу коркунучун пайда кылбайт, эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын пайдаланууну улантууну сунуштаган, себеп дегенде эмделгендердин өлүмү вакцинага байланыштуу экени далилденген эмес.

Буга карабастан Кыргызстандын өкмөтү AstraZenecaны алып келүү ишин убактылуу токтотуп, вакцина тууралуу толук маалыматты сурашкан.