УКМК Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр ташуу боюнча иликтөө баштады — Новиков

25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкекте абанын булганышын азайтуу боюнча чаралар тууралуу маселени талкуулашты. Анда ЖЭБдин Бишкектеги кара түтүнгө болгон таасири темалардын бири болду.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков белгилегендей, Бишкектин абасын негизинен унаалар, ЖЭБ жана жеке сектор булгайт.

Ал учурда шаар ЖЭБине жагылган көмүрдүн сапатына байланышкан кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Бишкек ЖЭБден алынган көмүрдүн сынамынын экспертизасы, анын чет элдик лабораториялардын жыйынтыгына ылайык, көмүрдүн сапаты белгиленген нормативдерге кыйла туура келбегени аныкталды. Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБдин ички лабораториясы да айрым учурларда дал келбестиктерди көрсөткөн. Буга байланыштуу камсыздоочу компанияларга тийиштүү айыптык санкциялары берилген. Бүгүн тийиштүү иш жүрүп жатат, тергөөнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», — деди Новиков.

*Буга чейин Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлөбаев кара түтүнгө каршы күрөшүү үчүн калаадагы ЖЭБди газга өткөрүү керектигин билдирген. Ошондо Түлөбаев “Кара-Кече” көмүрүн Бишкекке алып кирүүгө тыюу салууну сунуш кылган. Буга жооп катары, «Кыргызкөмүр» мамишканасынан Кара-Кече көмүрүнүн Бишкектеги ышка тиешеси жоктугун кабарлашкан.

Ал иликтөөнүн жыйынтыгы менен ЖЭБде сапатсыз көмүр колдонууга күнөөлүүлөрдүн аракетине юридикалык баа берилерин белгиледи. Новиков бул маселени системдүү түрдө чечүү кажет экенин айтып, өкмөт экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш-аракет планын бекиткенин билдирди. План 3 жылга ылайыкталган.

Ошондой эле, Новиковдун айтымында 2020-жылы Бишкек ЖЭБдин чыпкаларын оңдоого 71 млн сом сарпталган.

«Бишкек ЖЭБдеги зыяндуу заттарды тосуп калуучу азыркы чыпкаларды толук алмаштырып, заманбап электрдик чыпка орнотуу үчүн 40 млн долларга жакын каражат керектелет», — деген ал.

Бишкектеги кара түтүн

Борбор калаадагы кара түтүн маселеси активисттер жана шаардыктар тарабынан биринчи эле жылы көтөрүлгөн жок. Калаа башчыларынын ою боюнча, унаалардан чыккан түтүндөр кара түтүндүн негизги булагы болуп саналат.

Мындан тышкары, Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт — борбордук ЖЭБде, жаңы конуштарда жылуулук үчүн көмүр жагылат.

Анткен менен бийлик жылуулук борборунда катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкалар турат деп билдирип келет.

Ошол кезде экологдор абанын сапатына унаа жана жеке сектордон тышкары, Бишкек ЖЭБдин чыгындылары да кыйла зыян тийгизерин айтышат.