«Ата Мекен» фракциясынын лидери Нышанов, анын орун басары Атазов болду

Сайдулла Нышанов / Шайлообек Атазов

Депутат Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 30-мартта билдирди.

Ошондой эле фракциянын отурумундагы депутаттар Шайлообек Атазовду «Ата Мекендин» лидеринин орун басары кылып шайлады. Ал эми фракциянын мурдагы лидери Айсулуу Мамашова «24.kg» басылмасына өзүнүн кесиптештеринин чечимине каршы бара албастыгын айтты. Депутат лидерликти Нышановго өткөрүп берүү менен жеңилдегенин билдирди.

Нышанов 4-февралда «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткен, бирок Жогорку Кеңеште фракциянын мүчөсү катары калган. Депутат «лидердин гана каалоосу менен иштеп сүйлөгүсү» жана «ички авторитаризмди» колдогусу келбегендиктен мындай чечим кабыл алганын айткан.

Ал эми Нышановдун орун басары Атазов депутаттык мандатка 7-мартта ээ болгон. Атазов таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Экс-бажычы Райымбек Матраимов коррупцияга айыпталып кармалганда ал Бишкек, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Ош шаарында өткөн митингдерге катышкан.

«Ата Мекен» фракциясындагы лидерлердин алмашуусу

«Ата Мекен» фракциясы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында бир нече жолу лидерлерин алмаштырган. Алгач, 2017-жылы, партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев «Коррупция» боюнча күнөлүү деп табылгандан кийин лидерлик Алмамбет Шыкмаматовго өткөн.

Арадан эки жыл өтүп Текебаев жана анын тарапташы Дүйшөнкул Чотонов карата өкүм жокко чыгарылып, иш кайра кароого жиберилген. Ал эми 2019-жылдын аягында Шыкмаматов Текебаев менен пикир келишпестиктен улам лидерликтен кетип, депутаттык мандатын тапшырган.

«“Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык" аралап өттү. Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам. Негизгиси, мен партиядан чыгайын деп чечтим. Себеби, мен үчүн бала кезден баштап 50 жашка чыкканга чейин ар дайым жеке ар-намысым мандаттан да, кызматтан да жогору», — деп билдирген Шыкмаматов.

Шыкмаматовдон кийин фракциянын лидерлигине Садык Шер-Нияз жана Айсулуу Мамашова көрсөтүлгөн. Шайлоонун жүрүшүндө Шер-Нияз лидерликтен баш тартып, орунду Мамашовага бошоткон.

Ал эми 2020-жылы октябрдагы төңкөрүштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып, ал кайрадан «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланган. Көп өтпөй Бишкектин административдик соту Текебаевге депутаттык мандат мыйзамсыз кайтарылган деп тапкан.

5-январда Текебаев лидерликти кайрадан Мамашовага өткөрүп берип, 3-мартта ал депутаттык мандатынан экинчи жолу ажыратылган. Ал эми 29-мартта Текебаевдин мандаты Шералы Абдылдаевге өткөрүлдү.