Бир жылга созулган реконструкциядан кийин «Ак-Жол» жана «Кордай» өткөрмө жайлары ачылды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жаңыланган «Ак-Жол» — «Кордай» көзөмөл-өткөрмө пункттары ачылды. Бул тууралуу 2-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөрмө пункттарынын ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин катышты.

Марипов ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүндө өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана модернизациялоонун негизги максаты кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын кесип өткөн адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналарын белгиледи.

«Өлкө жөнүндө алгачкы пикирлер чек арадан башталат. Ошондуктан жаңыдан ачылган өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана заманбап жабдылган. Паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү кабиналарынын саны көбөйтүлгөн, ал чек араны кесип өтүүчү жарандардын убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет», — деди өкмөт башчысы.

Анын айтымында, өткөрмө пункттарын ачуу эскпорт-импорт көлөмдөрүн көбөйтүүгө, өлкөлөрдүн транзиттик дараметин күчөтүүгө өбөлгө болуп берет. Ошондой эле, Марипов «Бирдиктүү пост» жана товарларды эсептөө системалары ишке киргенин маалымдады.

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин көзөмөл-өткөрмө пункттары эки боордош республиканын экономикасы үчүн маанилүү экенин белгиледи. Көзөмөл-өткөрмө пунктун реконструкциялоо 2020-жылдын март айында башталып, 2021-жылдын апрелинде аягына чыккан.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, долбоордун жалпы наркы 342,3 млн сомду түзгөн, анын ичинен 225 млну курулуш иштерине, дагы 80 млн сому жабдууларды жана эмеректерди алууга жумшалган.

Сүрөт: КР өкмөтүнүн веб-сайты

«Кордай» өткөрүү бекети — кыргыз-казак чек арасында эл эң эле көп өткөн пункт. Бекетти көбүнчө Бишкек менен Алматыга каттагандар, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстандын ири шаарларына барчулар колдонушат. Жай мезгилинде Ысык-Көлгө сапар алган казак туристтери да ушул жол аркылуу өтүшөт.

Эки өлкөнүн көзөмөл өткөрмө жайларын бириктирген кууш жол көптөн бери эки өлкөнүн жарандарынын жана туристтердин нааразылыгын жаратып келген, анткени анын тардыгынан улам узун кезектер жаралып турчу.