ЖМК: Ошто «президент учат» деп жүргүнчү ташыган учак жарым сааттан ашык кармалып турду

«Кактус» басылмасына Ош эл аралык аэропортунан 4-апрелде учкан жүргүнчүлөр тасма жиберишкен. Анда аба каттам кармалгандыктан учактагы жүргүнчүлөр нааразы болуп атканын көрүүгө болот.

Жүргүнчүлөрдүн бири «президент учуп жатканына байланыштуу 40 мүнөткө жабылды [учуп-конуу тилкеси]» деп айткан. Бул билдирүүдөн кийин аялдардын бири «аэропорттун директору ошого кызмат кылам деп, жагынам деп атат» деген. Тасмада жаш балдардын ыйлап атканы угулат.

Ошондой эле, терезеден тартылган видеодон учактардын бирин көздөй кортеж баратканын көрүүгө болот.

Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан Ош аэропортунда 4-апрелде саат 15:00дө пландалган каттам техникалык себептен кечигип учканын билдирди. Бирок ошол учурда президент Садыр Жапаров учуп-учпаганын тастыктап да, төгүндөп да беришкен жок.

Аэропорттон бул суроого жоопту президенттин басма сөз кызматынан алууга болорун белгилешти. Бирок материал чыгаар алдында Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтеректен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрү Баткен жана Ош облустарында иш сапарында болгон. Баткенде Жапаров Бүжүм аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынан кабар алды.

Ошондой эле, Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды.

Сапардын экинчи күнү президент Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен Ош облусунун Алай районуна көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту.