ҮМБ кызматкерлеринин эмгек акысы 1-апрелден тартып 100%га көтөрүлдү — Жапаров

Өлкөдөгү экономикалык кризистин жана азык-түлүккө болгон баалардын кескин жогорулашынын шартында, бийлик айлык, пенсия жана жөлөк пулду көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн телеграмм каналы аркылуу билдирди.

Президенттин айтымында, биринчи кезекте бийлик медиктердин айлыгын көтөрөт. Жапаровдун пикиринде, медицина кызматкерлеринин ишинин оорлошуна жана врачтык орунга үч миң бош орун пайда болгонуна байланыштуу ушундай зарылчылык пайда болгон.

«Өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек», — деп белгиледи президент.

Жапаровдун айтымында, 1-апрелден тартып Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врачтарынын эмгек акылары 100%га жогорулаган. Саламаттык сактоо тармагынын башка тармактарынын жана маданият кызматкерлеринин маянасы 1-июлдан тартып 50%га көтөрүлөт.

«Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен. Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия-пособиелерди жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Бийлик медиктердин айлык акысын жогорулатабыз деп көп айтат. Акыркы жолу бул тууралуу 2020-жылдын 4-августунда ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кеп козгогон. Ал көмүскө экономикадан адалданган акчаны медиктердин маянасын көбөйтүүгө жумшайлы деп сунуштаган.

«Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин көңүл борборумда, биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан дагы колдоо ала тургандай баарын жасайбыз», — деп билдирген Жээнбеков.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, 2020-жылы саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо тармагында орточо айлык 10 855 сомду түзгөн. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин маалыматына ылайык, иш тажрыйбасы жок врачтар 4 070 сом маяна алышат.

Ошол эле мезгилде, кайрадан эле Улуттук статкомдун маалыматына таянсак, 2020-жылы Кыргызстандагы жалпы калктын жашоо минимуму 5 358 сомду, ал эми эмгекке жарамдуу калктыкы 6 003 сомду түзөт. Башкача айтканда, жаш медиктердин айлыгы 2020-жылы жашоо минимумдан төмөн болгон.