Бишкек: АСУнун капкагы «балким бузулуп калабы деп» толук пломбаланган эмес

«Клооптун» байкоочусу жиберген сүрөт

«Клооптун» байкоочусу №1240 шайлоо участкасында УШК мүчөлөрү автоматташтырылган саноочу урнанын (АСУ) үстүнкү бөлүгүн өзүнчө, алдын өзүнчө пломбалаганын билдирди. Байкоочунун эскертүүсүнө УШК мүчөлөрү «автоматтык урна бузулуп калуусун алдын алуу үчүн ушундай кылдык» деп жооп берген.

Борбор калаадагы №1033 шайлоо участкасында дагы автоматташтырылган эсептөөчү урна ушундай эле жол менен пломбаланган. УШК мүчөлөрү «Клооптун» байкоочуларына «аларга ушинтип үйрөткөнүн» айтышкан.

«Эгерде капкагы сынып калса, ачып оңдогонго ыңгайлуу болуш үчүн», — деп билдиришкен алар.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо мыйзамы жана тартибине ылайык, АСУлар капкагы менен үкөктүн өзүн бириктире тургандай кылып көк тасма менен жабыштырыла бекитилип, мөөрлөнүшү керек. Бул эрежени сактабаса мыйзам бузуу болуп саналат, анткени УШКлардын мүчөлөрү же башка чоочун кишилер тарабынан бюллетендерди тутамдап таштап коюуга мүмкүндүк берет.

«Клооптун» байкоочусу жиберген сүрөт

Бүгүн «Клооптун» үч миңдей байкоочусу Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү кантип өтүп жатканына көз салып, байкап турушат. Алар өлкө боюнча дээрлик бардык шайлоо участкаларында мыйзам бузууларды каттап турушат.

Бүгүн, 11-апрелде, Бишкек, Ош шаарлары баштаган 28 шаарда жана аймактардагы 420 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. Айыл жерлериндеги шайлоолорго өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катышат. Ал эми шаардык кеңештерге партиялар ат салышат.