Бөрүбашов конституциялык реформанын экинчи этабы үчүн улуттук кеңеш түзүүнү сунуштады

Конституциялык кеңешменин башчысы Бекбосун Бөрүбашов 16-апрелде «Биринчи Радионун» эфиринде, конституциялык реформанын экинчи этабын жүзөгө ашыруу үчүн улуттук кеңеш түзүү керек деген оюн билдирди.

Бөрүбашовдун айтымында, конституциялык реформанын биринчи этабы 2020-жылдын 17-ноябрында башталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде аягына чыккан. Анда Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап, кошумча-алымчасынан кийин референдумга коюшкан. Ал эми эл колдоп берген.

«Конституциялык реформанын экинчи этабы, ачыгын айтыш керек, — эң татаал. Анткени Конституцияда жазылган бардык идеяларды, принциптерди ишке ашыруу керек. Ал үчүн убакыт керек, көптөгөн мыйзамдарды алмаштырып, жаңыларын кабыл алуу шарт. Экинчиси, жаңы саясий системаны куруу керек. Биз Баш мыйзамдын негизинде бийлик бутактарын жана алардын ыйгарымдарын ажыратып чыгышыбыз керек», — деди ал.

Бөрүбашовдун пикиринде, экинчи этапты толук кандуу ишке ашыруу үчүн улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш. Анын курамына маморгандар менен жарандык коомдун өкүлдөрү кирүүгө тийиш.

«Бул өкмөт, президенттин аппараты эмес, бул коомдук орган, ал өзүнүн сунуштарын бере алат. Бул жөн гана жумушчу орган», — деди Бөрүбашов.

Конституциялык реформа

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети. 5-октябрда өлкөдө массалык нааразылык башталып, натыйжада Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.

Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон.

Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Алтынчы чакырылыштын депутаттары менен чогуу, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар ишин жана өлкөнүн негизги мыйзамынын долбоорун оңдоп-түзөөнү улантышкан.

Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.

Конституциянын кайра иштетилип жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон — бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жашыруун карап жана кабыл алгылары келген. Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.

Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүшкөн.

Бирок 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу. Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын 9-мартына чейин. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, профилдик комитет караганга чейин мыйзам долбоору бир катар процедуралардан өтүүсү керек болчу.

Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен. Бирок буга карабастан парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Конституцияга байланыштуу референдум 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир күндө өттү. БШКнын алдын ала жыйынтыктары боюнча, референдумга катышкандар 37,1% түзгөн. Жаңы Конституция үчүн 79%дан ашуун шайлоочу макулдугун берсе, дээрлик 14%ы каршы болгон.