COVID-19: Акыркы суткада оорунун 228 жаңы учуру катталып, 4 бейтап көз жумду 

Республикалык штаб маалымдагандай, акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Үч адам Бишкекте, дагы бирөө — Чүй облусунда.

Ведомствонун маалыматына тансак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпысынан коронавируска чалдыккан 1 582 адам каза болду.

Акыркы суткада коронавирус аныкталган адамдардын саны 228 жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жалал-Абад жана Баткен облустарында жуктуруунун жаңы учурлары катталган эмес.

Бишкек — 149;

Чүй облусу — 45;

Ысык-Көл облусу — 16;

Ош — 8;

Нарын облусу — 5;

Ош облусу — 3;

Талас облусу — 2.

Министрлик маалымдагандай пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 93 831ге жетти.

Ошондой эле, сутка ичинде 186 адам ооруканадан чыккан. COVID-19дан жана пневмониядан айыккандардын жалпы саны 88 006 жеткен.

Акыркы суткада COVID-19 жуктурган медиктердин саны беш адамды түздү. Пандемия учурундагы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 400 адам, ал эми илдеттен айыккандар 4 310.

Ошондой эле, республикалык штаб 25-апрелге карата Кыргызстандагы COVID-19 дарты менен ооруканаларда 1 441 бейтап дарыланып жатканын, алардын ичинен 63 жарандын абалы оор экенин билдирди. Мындан тышкары дагы 1 768 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканын маалымдады.