Чек ара чыры: Коргоо министри Баткенде эл менен жолугушуп, курал берилбесин айтты

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде элди эмоцияга алдырбоого үндөп, учурда бардыгы көзөмөлдө экенин айтты. Ошондой эле, ал өлкөнү коргоо үчүн күч жана каражаттар жетиштүү деп кошумчалады.

«Түндө эки мүнөткө созулган атышуу болду, бирок олуттуу эмес. Октун үнүн уккан жаштар курал талап кылып жатышат, бирок андай болбойт», — деп белгиледи министр.

Ошондой эле, министр облустук администрациянын алдына топтолгондорго элдик кошуунга жазылууну сунуштады, бирок аскер билети болушу керектигин айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кырдаал курчуп, 29-апрелде ал атышуу менен коштолгон. 30-апрелге караган түнү чыр күчөп кеткен. Анын кесепетинен үйлөр, дүкөндөр жана май куюучу жайлар өрттөнгөн.

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.

Бир нече айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.

Президент Садыр Жапаров чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, чек ара чырын чечүү милдетин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөгөн.

29-апрель күнү кечинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуп, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.