Баткенде тургундар «өкмөттү аткезчиликти калкалоого» айыптады. Милициянын версиясы башкача

Фуралардын бири. Сүрөт: Дамира Юсупова

Баткен облусунун тургундары 11-майда «өкмөт Тажикстанга өткөн контрабанданы калкалап жатат» деп айыптады. Ал эми Баткен ОИИБден фураларда транзиттик жүк болгонун айтышып, тургундардын айткандарын четке кагышты.

Эмне болду?

11-май күнү Баткен ШИИБдин кызматкерлери тажик жарандарына таандык үч оор жүк ташуучу унааны айып короосуна коштоп баратышкан. Жергиликтүүлөр аларды токтотуп, милиция кызматкерлери Тажикстандын унааларын коштоп баратканына нааразы болушуп, ортодо жанжал чыккан.

Чогулган 20дай тургун милиционерлерге «аткезчиликти өзүңөр коргоп жатасыңар» деп айыптап, аларды өткөрбөөгө аракеттенишкен.

Ал арада тургундардын бири менен жарандык кийимчен милиция кызматкери уруша кеткен. Бири-бирине сөгүнүп, кармаша кеткен милиционер менен жергиликтүү тургунду жеринде топтолгон кишилер бөлүштүрүп калышкан.

Мындан сырткары укук коргоо органынын кызматкери менен жергиликтүү тургундун ортосунда жеринде тасмага тартпоо тууралуу чыр чыккан. Формачан милиционер тасмага тартып жаткан тургунга «тартпа» деп, жанынан басып келген. Кызматкердин сөгүнгөнү угулуп, андан соң тасма үзүлгөн.

Милиция фуралар контрабандалык жүк ташыбаганын билдирди

Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова «тажик жарандарына таандык фураларда аткезчилик жүк бар» деген маалыматты четке какты. Ал жүк ташуучу унаалардын ичинде Орусиядан келген «эски буюмдар» бар болгон дейт.

«Фуранын ичинде орусиялыктар иштетпей койгон эски буюмдар болгон. Чек ара жаңжалына чейин фуралар транзиттик жол менен өтүп жаткан. Эл "өткөрбөгүлө, ичинде курал-жарак, тетиктер бар" экен дешти. Ачып көрдүк, андай эмес экен», — деди ал.

Юсупованын айтымында, оор жүк ташыган унаалар 28-апрель күнү Талас облусу аркылуу «Чоң Капка» өткөрмө жайы аркылуу Ошко келип, «Достук» бекетине жакын жердеги мейманканада түнөшкөн.

Милициянын маалыматы боюнча, 29-апрель күнү Лейлектин бир нече тургуну аталган тажик фураларын уурдап минип кетишкен. Оор жүк ташуучу унаалар Ноокат районунун Кызгалдак айылына жеткенде аларды жергиликтүү эл токтотуп, ызы-чуу чыккан.

«Ноокатта эл “эмнеге тажиктердин фурасын кармап алдыңар, эмнеге айдап келе жатасыңар” деп ызы-чуу салган», — деди Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы.

Мындан улам факты Кара-Суу РИИБде «Автотранспорт каражаттарын айдап качуу» беренеси менен катталып, тургундар суракка алынган. Тергөө маалында унаалардын ээси болгон тажик жарандары жергиликтүүлөргө арыз-доосу жок экенин билдиришкен.

Юсупова кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда Тажикстандын жарандары да Лейлектен жети фура уурдап кеткенин айтты. Мындан улам Кыргызстанда турган оор жүк ташуучу унааларды аларга алмаштыруу максатында милиция коштоп бара жаткан деп билдирди.

Ошондой эле, басма сөз катчысы ШИИБдин «тургундарга орой мамиле кылып, сөгүнгөн» кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык териштирүү башталганын кошумчалады.