Мигранттар, эмдөө, экономика. Жапаров ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен эмне жөнүндө сүйлөштү?

Евразия экономикалык биримдигинин онлайн-форматтагы жыйыны 21-майда болуп өттү. Видеоконференцияга ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдү бирдиктүү финансы рыногун түзүүгө, өлкөлөр ортосундагы тоскоолдуктарды жоюу менен туруктуу соода агымдарынын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды.

*ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет. Ал эми байкоочу өлкөлөр — Өзбекстан, Молдавия жана Куба.

«Клооп» Жапаровдун билдирүүлөрүнүн кызыктууларын топтоду.

Финансы рыногу тууралуу

Жапаров тышкы инфляция менен катар улуттук валюталар күчүн жоготкондуктан, Бирлик чөлкөмүндө азык-түлүккө болгон баалардын өскөнүн белгиледи.

Андыктан Жапаров өз ара эсептерде улуттук валюталарды активдүү колдонуу менен валюта чөйрөсүндөгү кызматташууну тереңдетүүгө басым жасоону сунуштады. Ошондо гана тышкы инфляциянын таасири ЕАЭБ өлкөлөрүнө азырак болот.

«Тышкы инфляциянын “азык-түлүк куржунундагы” товарларга болгон таасирин теңдештирүү менен катар Бирликке мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарында соода-финансылык операцияларды жүргүзүүнү камтыган натыйжалуу механизмди ойлоп табуу керек», — деп билдирди Жапаров.

Соода жана интеграциядагы тоскоолдуктар жөнүндө

Жапаров Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосундагы соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюу анын көлөмүнүн көбөйүшүн шарттайт жана ЕАЭБ ички рыногун туруктуу соода агымы менен камсыздай турганын баса белгиледи.

«Ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу жана чектөөлөрдү алуу ар кандай интеграциянын маанилүү дивиденди болуп саналарын так түшүнүшүбүз керек», — деп билдирди ал.

Ал үчүн, Жапаровдун пикиринде, Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК)* тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү менен ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган толук форматтуу жалпы рынокторду калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча кыймылды тездетүү керек.

*Буга чейин экс-вице-премьер-министр жана «Чоң Казат» партиясынын мурдагы лидери Максат Мамытканов ЕЭК менен бажы кызматташтыгы боюнча министр болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Жапаров Евразия экономикалык бирликтин алкагындагы интеграция Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыт экенин белгиледи.

«Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу, базар экономикасынын принциптерин сактоо жана тараптардын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген жигердүү жана жемиштүү ишибизди мындан ары да улантуу ниетиндебиз», — деп кошумчалады президент.

Эмгек мигранттары жана вакциналар

Жапаров жалпы кызмат көрсөтүү рыногу жөнүндө дагы айтып өттү. Ал Кыргызстан экономикалык жактан максаттуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө карата «либералдаштыруу саясатын артыкчылыктуу багыт катары карманарын» белгиледи.

«ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн эркин жүрүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн жана социалдык коргоонун заманбап стандарттарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл», — деген сунушун билдирди Жапаров.

Ошол эле учурда, Жапаров COVID-19га каршы күрөшүүнүн жана туруктуулукту сактоонун алкагында, биринчиден, ЕАЭБ бардык жарандары үчүн вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын кошумчалады.

«Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин медицинага колдонуу үчүн дары-дармектерди жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү боюнча кызматташуу маселесин толугу менен колдойт жана биргелешкен иш-чараларга активдүү катышууга даяр», — деди ал.

Буга жооп катары Орусия президенти Владимир Путин «Спутник V» вакцинасын Арменияда жана Кыргызстанда өндүрүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Ал «Спутник V» вакцинасын Казакстанда жана Беларуста да өндүрүү ийгиликтүү ишке ашканын дагы белгилеп өттү.