Эми кыргызстандык соодагерлер товарларын Amazon платформасында сата алышат

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр Amazon’го түз катталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду — бул электрондук соода жүргүзүүнүн эң ири платформасы. Бул тууралуу компания сатуучулары түз каттала ала турган өлкөлөрдүн тизмесин жаңылаган соң белгилүү болду.

Амазондо соода кылуу мүмкүнчүлүгү Орто Азиядагы башка мамлекеттерге дагы ачылды — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан.

Американын ири платформасында соода жүргүзүп баштоо үчүн Кыргызстандын компаниялары алгач каттоодон өтүшү керек. Андан соң катталгандагы аты-жөнүн же аталышын жөндөп, тастыктоочу документтерди кошуп, банктык эсеп жана эл аралык төлөм картасын ачууга тийиш.

2020-жылы февралда ошол убакта өкмөт башчысы болуп турган Мухаммедкалый Абылгазиев Алматыда Amazon платформасынын өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл менен жолугушкан.

Жолугушууда алар электрондук соода-сатык жүргүзүү тармагында кызматташтыкты талкуулашкан. Мындан тышкары, Абылгазиев Кыргызстанда платформанын дата-борборун жайгаштырууну сунуштаган.