«Мындай оору менен жашай албайм». Ысык-Көлдүн жээгинен 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Сүрөт: ӨКМ

Ысык-Көл обулусунун Чолпон-Ата шаарындагы көлдүн жээгинен 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 27-майда берген маалыматына ылайык, маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургундар тапкан.

«Турмуш» басылмасы маркум Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну экендигин маалымдады. Ал Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде ата-энеси менен жашаган.

«Маркум 9-класстын окуучусу болгон. Ата-энесинин айтымында, өспүрүм бир нече күн мурун анализге кан тапшырып, ага дарыгерлер лейкемия диагнозун коюшкан. Андан кийин ал апасына мындай оору менен жашай албастыгын билдирип, смс жөнөткөн. 26-май күнү кечинде ал Бишкектеги үйүнөн белгисиз тарапка чыгып, дайынсыз болгон», — деп жазылат «Турмушта».

ӨКМдин кызматкерлери маркумдун жанынан ташка толгон баштык, уюлдук телефон жана 1900 сом акча табышкан.

Буга чейин 24-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аты менен кошо дарыяга кулап кеткен 11 жаштагы өспүрүм изделип жаткандыгы кабарланган.

Маалыматка ылайык, өспүрүм Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жаткан. Ал Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөгө жеткенде аты үркүп кетип, сууга түшүп кеткен.