Бишкектин Орто-Сай базарында бир килограмм сабиздин баасы 110 сомго чыкты

Орто-Сай базарындагы сабиз. Сүрөт: Бегимай Арстанбекова / «Клооп»

Бишкектин Орто-Сай базарында бир килограмм сабиздин баасы 110 сомго чыкты. Соодагерлер баалардын кескин өсүп кетишине жашылча жемиштин таңкыстыгы, пандемия жана түшүм аз айдалганы себеп дешүүдө.

Айыл чарба министринин орун басары Ильич Марсбек уулу 16-июнда сабиздин баасынын өсүшүн жер-жемиш Казакстан менен Орусияга экспорттолуп жатканы менен түшүндүргөн.

«Биздин маалыматка карасак, 2020-жылдын беш айында 13 тоннага жакын сабиз экспорттосок, быйылкы жылы ошол эле аралыкта — 31 миң тонна болгон. Экспорттоо эки жарым эсе өскөн», — деген ал.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын өзүндө сабиздин таңкыстыгы жаралып, натыйжада анын баасы өсүп кеткен. Бир нече күндүн ичинде сабиздин баасы бир киллограмына жалпысынан 35-40 сомдон 100-110 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда жашылча жемиш супермаркеттерде эле эмес, базарларда да кескин кымбаттаган.

Анткен менен министрдин орун басары сабиздин баасы түшүм жыйнала баштаганда, тагыраагы, июлдун башында арзандайт деп ишендирген.

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев 16-июндагы Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жыйынында, келе жаткан жумада республика сабиз менен картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизээрин билдирген.

Улуттук банк 2021-жылдын февралында эле дүйнөлүк азык-түлүк базарында баалар өсүп жатканын, Кыргызстанда дагы ал өсүүнү улантаарын билдирген. Бирок Улуттук банк күзгө жакын инфляция акырындык менен турукташаарын божомолдогон.

Азыктардын ичинен көбүнесе өсүмдүк майы (54,6%), картошка (46,3%), жумуртка (35,4%, кумшекер (33,1%) жана эт (27,5%) кымбаттаган.

Авторлошу: Бегимай Арстанбекова.