Позитивдүү учурлар дагы бар, өлкөдө бала көп төрөлүүдө жана алтын бар — Акылбек Жапаров

Президент Садыр Жапаров 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукту. Ал жерде экономика министри Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Чиновник баяндамасында экономикадагы көйгөйлөр тууралуу айтып жатып, позитивдүү учурлар дагы бар экенин кошумчалады.

«Бизди кубантып, келечекке ишеним берип турганы — бул балдардын төрөлүшү салыштырмалуу жогору экени жана эмгекке жарамдуу жарандардын жетиштүүлүгү. Бул көптөгөн өлкөлөр муктаж болуп турган ресурс. Бүгүнкү күндө элди, айрыкча жаштарды жакыр өлкөнүн синдрому деген кемсинүүдөн арылтуу маселеси курч турат.

Жумуш орундарын түзүү — биздин кабинеттин жакынкы убактагы эң негизги милдети. Адамдар бар, балдар бар, аларга билим берип, атаандаштыкка жөндөмдүү кылыш керек. Учурда өлкөдө төрөлүмдүүлүк жылына 120-130 миңди түзөт. 2030-жылга барып Кыргызстанда 230 миң бала төрөлө баштайт. Бул жакшы темп», — деди ал.

Андан тышкары, Жапаров Кыргызстандын алдында дагы бир баалуу ресурс — алтын бар экенин белгиледи.

«Дүйнөлүк тенденцияга көз чаптырсак, алтындын басы барган сайын өсөт. Жакынкы аралыкта президенттин арты менен бардык кен байлыктарды мамлекет өзү иштете баштайт. Технологиялар, бизнес-долбоорлор бар. Теңгиз Бөлтүрүк сыяктуу, баарын башкарып, өлкөбүздү өнүккөн мамлекетке айланта турган адамдар бар. Алтындан сырткары, бизде IT-технологиясында кеңири колдонулган платина жана күмүш да бар.

Эгерде биз дайыма эле наалып-напчып, карызыбыз чоң, ИДП аз дей берсек, анда эч нерсе колубуздан келбейт. Келгиле, парадигманы өзгөртөлү», — деп белгиледи министр.

Мигранттарды «эшелондоп» Орусияга жөнөтүү

Жапаров экономика министри болгондон кийин иш орундарын түзүп, жумушсуздук маселесин чечүүнү сунуштаган. Ал жумушсуздук маселесин парламент депутаты болуп турган кезде дагы көтөргөн.

2021-жылдын 20-январында, «Тышкы миграция жөнүндөгү» мыйзамына түзөтүүлөрдүн талкуусунан кийин кыргызстандыктарды Москвага эмгек миграциясына «эшелондоп» жөнөтүүнү сунуштаган.

«Москванын мэри [Сергей] Собянин айтып жатат: “бир топ жумушчу орун бошоп, Москвада киши жок болуп жатат” деп. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып, поезддер менен биздин балдарыбызды жеткизгенге аракет кылышыбыз керек», — деп сунуштаган ошондо эл өкүлү.

Орусиядагы мигранттардын кызыкчылыгын коргогон укук коргоочу Валентина Чупик пандемия учурунда Орусияда чет элдик жарандарга карата улутчулдардын кысымы күчөгөнүн айткан. Ал Орусияда мигранттардын кысмакка алынганын байма-бай айтып келет.

Дагы караңыз: Жапаров жумушсуз кыргызстандыктарды Орусияга «эшелондоп» жиберүүнү сунуштады