Кыргызстан 20 өлкөнүн COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификаттарын тааныды

Кыргызстандын ТИМнин басма сөз кызматы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20 өлкөнүн коронавируска каршы эмделгени тууралуу сертификаттарын тааныганын билдирди.

Өлкөлөрдүн тизмеси:

  • Улуу Британия;
  • Венгрия;
  • Катар;
  • Израиль;
  • Грузия;
  • Сауд Арабия Падышалыгы;
  • БАЭ;
  • Корея Республикасы;
  • Польша;
  • Сан-Марино;
  • Казакстан;
  • Өзбекстан;
  • Орусия;
  • Румыния;
  • АКШ;
  • Түркия;
  • Германия;
  • Франция;
  • Швейцария;

Европа биримдиги (Бельгия, Брюссель шаарындагы Уюмдун медицина кызматы тарабынан берилген сертификат).

«Кыргызстандын аймагына кирүүдө 72 сааттан ашпаган убакыттын ичинде тапшырылган ПЧР–тесттин жыйынтыгын же болбосо коронавирус инфекциясына каршы вакцина алынгандыгы туралуу сертификаттарды көрсөтүү зарыл», — деп билдиришти ТИМден.

Ошондой эле өлкөлөрдүн тизмеси башка чет элдик мамлекеттердин сертификаттары таанылганына жараша өзгөрүшү мүмкүндүгү белгиленет.

Кыргызстанда эмделгени тууралуу сертификат алуу

28-июнда саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алса болорун кабарлады.

Ал үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуу керек. Ошол эле кезде сайтта катталуу үчүн жарандарда электрондук кол тамга болушу керек*, ал Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) берилет.

*Эгерде сизде электрондук кол тамга жок болсо, анда сиз порталга кире албайсыз.

Вакцина алгандан кийин эмделгени тууралуу сертификат алыш үчүн жаран порталда бир нече кадамды аткарышы керек:

  • «Саламаттык сактоо бөлүмүндө» «COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алуу» бөлүмүн тандоо;
  • электрондук сертификат алуу үчүн билдирме жөнөтүү.

«Сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгартып же pdf-форматтагы документ катары сактап алса болот. Анда ишенимдүүлүгүн текшерүүчү QR-код болот», — деп белгилешти саламаттык сактоо министрлигинен.

2-июлга карата Кыргызстанда 118 239 адам эмделди — бул калктын 2%га жетпегени гана. Алардын ичинен экинчи дозаны 80 миңден бир аз ашык адам алды.

24-июнда министрлер кабинетинин отурумунда Марипов саламаттык сактоо министрлигинин калкты жапырт эмдөө боюнча ишин сынга алган. Ал ведомство препараттарды алып келүү жана келишимдерди түзүү боюнча иштерди создуруктуруп жатканын белгилеген.

«Бизде вакцина алгандардын пайыздык чени өтө төмөн, кооптуу топко кирген 2 миллиондон ашуун адам бар, эмдөө керек», — деп билдирген ал.

Кыргызстандыктарга 2-июлга карата орусиялык Sputnik V вакцинасы гана жеткиликтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, Кытайдан каттам жоктугуна байланыштуу Sinopharm вакцинасын алып келүү кечеңдеп жатат.

Дагы окуңуз: Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз

Материалды даярдаган Сыймык Мусаев.