Бүтүрүүчүлөрдүн эсине. ЖОЖдорго тапшыруу онлайн жүргүзүлөт

Архив. Сүрөт: Темир Сыдыкбеков/«Азаттык»

Быйыл Кыргызстанда окуу жайларга тапшыруу онлайн режимде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр университеттерге тапшыруу үчүн www.2020.edu.gov.kg сайтына кирип каттоодон өтүшү керек. Анда абитуриенттерге бардык нускамалар жана түшүндүрмөлөр камтылган.

Ошондой эле веб сайттан бүтүүрүчү каалаган окуу жайга тапшырып, сынактын жүрүшүнө онлайн түрдө байкоо жүргүзө алат.

Жогорку окуу жайга өтүү үчүн нускама:

  • Абитуриент www.2020.edu.gov.kg сайтына кирип, «катталуу» баскычын басат;
  • Андан соң ЖРТдагы каттоо номерин жазып, текшерүү баскычын басышы зарыл;
  • Каттоо номери туура жазылып, маалымат базада бар болсо, ЖРТга катталган телефон номерин жазып текшериши керек;
  • Каттодон ийгиликтүү өткөндөн соң, жеке бөлмөгө (личный кабинет) кирүү үчүн телефон номерге логин, сыр сөз камтылган SMS жөнөтүлөт.

Жеке бөлмөнү колдонуу үчүн нускама

Жеке бөлмөгө телефон номерге келген логин жана сыр сөз менен кирип, анкетаны толтуруп окуу жайын жана адистикти тандайт.

Андан соң ЖРТнын электрондук талонун жана өздүгүн тастыктоочу документти тиркөө зарыл.

Соңунда тандалган адистиги боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоосу керек.

Системанын максаты эмнеде?

Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн арызды электрондук түрдө берет;

ЖРТнын сертификатынын талондорун кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин эсепке алуу боюнча система түзүлөт;

Абитуриенттердин жогорку окуу жайларга кабыл алуунун сапаты жана ачык айкындуулугу жогорулайт. ЖОЖдордун кабыл алуу комиссиясынын иши жөнгө салынат.

2021-2022-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго тандоо жана каттоо турларынын графиги:

— Биринчи тур 12-июль саат 9:00дөн 14-июль саат 14:00гө чейин болот. 15-июль саат 9:00дө окууга өткөндөрдүн тизмеси жарыяланат, 15-17-июлда студент тандаган окуу жайын тастыктайт;

— Экинчи тур жогорудагыдай тартипте 19-июлдан 23-июлга чейин өткөрүлөт;

— Үчүнчү тур министрликтин чечимине жараша 26-31-июлда болот.

Кабыл алуу үчүн керектүү документтер:

  • Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом;
  • ЖРТнын сертификаты.

Онлайн окууга тапшырууда кимдерге жеңилдиктер каралган?

Кайрылмандар же өлкөдөгү кайсы бир окуяларда курман болгон адамдардын балдарына;

Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга;

Тоголок жетим балдарга;

Бала кезинен майыптыгы бар балдарга;

1, 2-топтогу майыптыгы барларга.

Жогоруда аталган сайтка кирип, нускама менен видео түшүндүрмөлөр аркылуу да толук таанышууга болот.