Акин Токталиевдин Жапаровдун үстүнөн жазган доо арызы кабыл алынган жок

Бишкектин Биринчи май райондук соту Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаров жана анын басма сөз катчысы Галина Байтеректин үстүнөн ар-намысы, кадыр-баркы жана ишкердик репутациясын коргоо боюнча доо арызын кабыл алган жок.

Акин Токталиев — Садыр Жапаровдун мурдагы үзөңгүлөшү жана адвокаты. 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Токталиев кыска убакытка Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны башкарган.

Райсоттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Токталиев мамлекеттик алымды төлөгөн эмес. Андан тышкары, Байтерек кайсы маегинде анын кадыр-баркына доо кетирген сөздөрдү сүйлөгөнүн, жоопкерлердин дарегин көрсөткөн эмес.

Токталиев доо арызында 100 млн сом талап кылган. Доогердин пикиринде президенттин билдирүүсүнөн кийинки чыгым ушул сумманы түзгөн: Жапаров интервьюсунда Токталиев — радикалдуу диний топтордун биринин мүчөсү экенин айтып чыккан.

«Көп жылдар бою Жапаровдордун үй-бүлөсүн чарчабай, талыбай коргоп келгеним үчүн, акырында тепки жеп, басмырланып, кордолуп отурам. Садыр Жапаров бийликке келери менен мени “мурдагы адвокатым” деп атап, кадыр-баркыма, ишкердик репутациямы, ар-намысыма доо кетирди. Ал ЖМКга мен жөнүндө жалган маалымат таратты {жумуштан кетүүнүн себеби боюнча}», — деп билдирди Токталиев.

Анын айтымында, Байтерек Жапаровдун сөздөрүн кубаттап, өзүнүн маегинде аны тастыктаган. Келтирилген зыянды төлөп берүүдөн сырткары, Токталиев Жапаров менен Байтерек айткан сөздөрүн далилдеп беришин талап кылган.

Жапаров эмне деп айткан?

Муфтияттагы коррупциялык жаңжалдан улам экс-муфтий Максатбек Токтомушев коррупцияга шектелип кармалганда Токталиев республикадагы мусулмандардын диний лидеринин таламын талашкан. Ал Токтомушевдин камакка алынышын саясий буйрутма деп атап, УКМКнын алдындагы Токтомушевди коргоо боюнча митингдерге активдүү катышкан.

Көп өтпөй Токталиев кызматынан айрылган. Президент Жапаров «Кабарга» курган маегинде мурдагы адвокатына тапшырма берип, ал аны аткара албай койгонун айткан.

«Мен ага бардык молдорлорду ынтымакка чакырып, жарандарыбызды туура жолго салып, радикалдык диний көз караштардан алыс бол деген тапшырма бергем. Тилекке каршы, туш-тарапка чачыраган диний чөйрөнү бириктиргендин ордуна, алардын бирөөсүнө мүчө болуп, ушундай чыр-чатак жаратып отурат», — деп билдирген Жапаров.