Базар-Коргондо Чубак ажыны эскерүү зыйнаты өттү. Ага УКМКнын башчысы да катышты

Сүрөт Өткүрбек Рахмановдун фейсбук баракчасынан алынды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында диний аалым Чубак ажы Жалиловду эскерүү зыйнаты өттү. Ага муфтий Замир Ракиев баштаган дин кызматкерлери, экс-муфтий Максат Токтомушев, Абдышүкүр Нарматов жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышып куран окулду.

Жалилов аталган айылда туулуп-өскөн, анын сөөгү кичи мекенине коюлган.

Ошондой эле Барпы айылында 17-июлда Жалиловдун атындагы мечиттин ачылыш аземи өтөөрү белгилүү болду. Барпы — Камчыбек Ташиевдин кичи мекени.

Өткөн жылдын октябрь айында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Зафар Мирбобоев өз каражатына Чубак ажы атындагы китепкана салган. Ал үч кабат болуп, Ислам динине байланыштуу жана дүйнөлүк китептер менен толтурулган.

Чубак ажы Жалилов

Чубак ажы Жалилов 2020-жылы 11-июлга караган түнү коронавирустан каза болгон. Ошол кезде санитадык чектөөлөр болгонуна карабай аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышкан.

Жалилов 2010-2012-жылдары муфтий болуп турган. Ошондой эле ал 2020-жылдын июнуна чейин Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон.

Жалилов Куран аяттарын жана хадистерди чечмелеп, элге жөнөкөй тил менен баяндап берген. Анын фатва чыгарууга да уруксаты бар болчу. Ага мусулмандар шарияттан сырткары күнүмдүк турмуштук маселелер менен да кайрылыпт турушуп, анын жыйындары, чогулуштары миңдеген аудиторияны чогултуп келген.

Чубак ажынын ютубдагы «Насаат медиа» каналында эле 600 миңден ашуун катталуучусу болгон. Ал эми анын фейсбуктагы баракчасына 58 миңдей киши жазылган эле.

Сүрөт баян: Аалым Чубак ажы Жалилов жерге берилди

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов көз жумду