ДССУ дүйнөдө COVID-19дун үчүнчү толкуну башталганын жарыялады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус 14-июлда дүйнө азыр COVID-19дун үчүнчү толкунунун алгачкы баскынчында экенин жарыялады.

Ал дүйнөдө кайрадан COVID-19дан көз жумгандар менен оору жуктургандар көбөйүп жатканын билдирди.

«“Дельта” (“Индиянын”) варианты ушул тапта 111ден ашык өлкөдө жүрүп жатат. Ал жакында бүткүл дүйнөнү аралаган, үстөмдүк кылуучу штамм болору күтүлүүдө. Балким азыр эле эң башкы штаммга айлангандыр», — деп билдирди ДССУнун башчысы.

Анын айтымы боюнча, «дельта» штамм дүйнө жүзүндөгү коронавирусту жуктуруп алуунун жана андан каза болгондордун санынын көбөйүшүнүн негизги себеби.

ДССУнун башчысынын пикиринде, COVID-19 оорусунун кайрадан тутанышы «социалдык карым-катыштын күч алышы жана мобилдүүлүк» менен байланыштуу. Андан тышкары, ал «вакцинаны бөлүштүрүүдөгү глобалдык теңсиздикке жана өмүрдү сактап калуучу каражаттарды алууда бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр каралбаганына» даттанды.

«Бул теңсиздик пандемиянын эки жолун пайда кылды: вакцина алууга мүмкүнчүлүгү жогору мамлекеттер чектөөлөрдү алып, кайрадан кучагын ачты, а бирок эмделбеген топтор үчүн коркунуч жогору бойдон калууда. Ал эми вакцина алууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан дүйнө элинин басымдуу бөлүгү инфекцияга туруксуз болуп, вирустун күчүнө багынып жатат», — деп белгиледи ДССУнун башчысы.

Ал көптөгөн өлкөлөр дагы деле вакцина ала электигин, көпчүлүгүндө препараттар жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

«COVAX ишей алат, бирок анын масштабы дагы деле чакан: 100 миллиондон бир аз азыраак доза жөнөтүлдү. Мен ар бир өлкөнүн калкынын бери дегенде 10%ы сентярга чейин, 40% ушул жылдын аягына жана эң аз дегенде 70% келерки жылдын ортосуна чейин эмдөө алышы керек деген сунушумду айттым. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 11 миллион доза вакцина керек болот», — деп билдирди Гебреисус.

Кыргызстандагы эмдөө

Азыр Кыргызстанда COVID-19га каршы эки вакцина жеткиликтүү: орусиялык «Спутник V» жана кытайлык Sinopharm. Экөө тең жарандар үчүн акысыз. Кыргызстандагы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталгана карабай, абдан жай жүрүүдө.

Өлкөдө эмдөө кампаниясы начар болуп атканын мурдараак министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов айтып чыккан. 24-июнда ал саламаттык сактоо министрлигинин препараттарды алып келүү жана келишимдерди түзүү боюнча иштерди создуруктуруп жатканы үчүн сынга алган.

«Эмделгендердин пайызы абдан төмөн, коркунуч болуп аткан 2 млндон ашуун жаранды эмдөө керек», — деп билдирген ал.

Эмдөө бонча көрсөткүчтөр төмөн болуп жатканда өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталды, илдетти жуктургандардын саны кескин өсүп жатканы байкалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-июлга карата вакцинанын биринчи дозасы 157 миңден ашык адамга сайылган — бул өлкө калкынын 2%га жетпегени.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 144 958 учуру катталган. 2 143 адам каза болгон.

Жон Хопкинс универтитинин маалыматынат караганда, дүйнөдө коронаиврус оорусу башталгандан бери жалпы 188 миллиондон ашуун адам оору жуктурган. Илдетке кабылгандар АКШ, Индия жана Бразилияда көп болуп жатат.

Андан тышкары, пандемия башталгандан бери коронавирустан 4 миллиондон ашуун адам набыт болгон.