ӨКМ Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык турист кызды издөөнү токтотту

ӨКМ 15-июль күнү Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык Варвара Конопасевичти издөөнү токтотту. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып, 24.kg сайты жазды.

Варвара Конопасевич, сүрөт: «Кабар»

ӨКМ Каракол дайрасында анын бут кийими менен шымы табылганын кабарлады.

«Туристтер тарабынан дайрадан кийимдери табылып, биздин куткаруучуларга берилген. Ата-энеси кийимдерин таанып, издөөнү токтотууну өтүнүштү. Алар Орусияга кетип жатышат. Жакындары биздин куткаруучулардай эле жоголгон кызды тирүү табуу мүмкүнчүлүгү жок экенин түшүнүп турушат. Кыз токойдо адашып жоголуп кетти деген үмүт бар эле, бирок ал дагы акталган жок», — дешти ведомстводогулар.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБи Алакөл жайлоосунда жоголгон 29 жаштагы казакстандык туристти издөөгө 100 милиция кызматкери жана ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнүн куткаруучулары тартылганын билдирген.

Сүрөт: «Кабар», жоголгон туристти издөө

«15-июлда саат 18:00дө кызы В.К. сүрөт тартып алыш үчүн атасынан мобилдик телефон сураган. Бул убакта ата-энеси отун тергени кетишкен, кыз болсо чоң дайра аркылуу өткөн колго жасалган көпүрөнүн жанында калган. Ата-энеси кайтып келип, кызын таппай калышкан», — деп билдиришкен Ысык-Көл ОИИБнен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө жоголгон туристти издөөгө 100дөн ашык милиционер жана куткаруучу тартылды