Экинчи медаль. Мээрим Жуманазарова коло менен кайтат

Токио Олимпиадасында кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду. Кыз-келиндер арасындагы күрөштө Жуманазарова монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде утту. Бул жолку беттеште кыргыз балбан кызы коло медаль үчүн таймашты.

Бул Токио Олимпиадасындагы Кыргызстандын экинчи медалы. Буга чейин Акжол Махмудов финалдык беттеште венгриялык спортчу Тамаш Лёринцтен 2:1 эсебинде утулуп, күмүш байгеге ээ болгон.

Жуманазарова алгачкы атаандашы болгариялык спортчу Мими Николова Христова менен күрөшүп, натыйжада спортчу акыркы секунддарда 7:5 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан болчу.

Ал эми чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, атаандашынан 2:3 эсебинде жеңилген. Нигериялык балбан Блессинг Оборудуду финалга чыгып, Жуманазарова коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Олимпиада: Акжол Махмудов Кыргызстанга күмүш медаль менен кайтат

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты