Эки кадр менен: Акаев менен министр Бейшеналиев бирге тамактанып, бирге сейилдешти

Социалдык тармактарда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен бозгун президент Аскар Акаевдин кечки тамакта бирге тамактанып отурган сүрөттөрү тарады. Сүрөттөрдү Медициналык академиянын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчы Андрей Сопуев Фейсбук барагына жарыялаган.

*Бирок кийин ал сүрөттөрдү өчүрүп койгон

Ал сүрөттүн алдына «Кеминдиктер», — деп жазган.

Бейшеналиевдин айтымында, бул «кеминдиктердин» достук отурушу эмес, ошондой эле сүрөттөгү үчөөнүн жердеш экенинин тиешеси жок. Анын айтымында, дасторкон Улуттук хирургия борборунда жайылган.

«Мени ал жакка Мамбет Мамакеев* чакырган. Барсам Аскар Акаев отуруптур», — деп айтып берген ал Kaktus.media басылмасына.

*Мамбет Мамакеев — хирург жана Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору. Ал Гиннестин рекорддор китебине иштөөсүн токтотпогон дүйнөдөгү эң кары хирург катары кирген.

Акаевдин Кыргызстанга келиши

Бозгун президент Аскар Акаев Бишкекке 2-августта келген. Ал 2005-жылы «жоогазын революциясынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал башка бир катар жогорку кызмат адамдарынын катарында «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция иши боюнча издөөдө жүргөн.

УКМК Акаев башка жогорку кызмат адамдарынын катарында 1992-жылдагы “Кумтөр” долбоору боюнча Башкы келишимдин алкагындагы коррупция, 1994-жылдагы ага өзгөртүү киргизүү, ошондой эле 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишимди рекструктуризациялоо иши боюнча тергөө менен кызматташып жатканын билдирген.

Ал Бишкекке келээри менен УКМКга жеткирилип, сурак берген. Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыккандан кийин Акаев журналисттер менен жолугуп, өлкөгө «Кумтөр» иши боюнча тергөөгө жардам берүү үчүн келгенин айткан.

«Мен УКМКга ыраазымын, бул жерде мени жакшы кабыл алышты, албетте суроолор бар. Алгачкы сурак болду, мен Кумтөрдү кантип курганбыз, эмне себептен курганбыз, кандай катачылыктарды жол берилген болушу мүмкүн экенин, ошонун баарын чын жүрөктөн, төкпөй-чачпай айтып берүү үчүн келдим. Бирок тергөө улана берет, мен бүгүн гана учуп келдим, иш менен жаңы эле тааныштым», — деген Акаев.

Кийинчерээк ал сакан маек куруп, өлкөгө келишинин дагы бир максатын — келечекте Кыргызстанга кайтып келип, жашагысы келээрин айткан.

Тема боюнча:

Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккандан кийин эмне деди?