Экономикадагы ӨК режими. Бизнес-коомчулук президентке кайрылды

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (БАУА) президент Садыр Жапаровго экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна вето* коюуну суранып кайрылышты. Же болбосо аны макулдашуучу комиссияга бизнес-ассоциацияларды тартып, сөзсүз түрдө коомдук талкууга коюу менен толуктап иштеп чыгууну суранышты.

*Учурда колдонуудагы жаңы Конституция боюнча президенттин вето коюуга укугу жок. Ал мыйзам долбооруна каршы пикирин гана билдирип Жогорку Кеңешке кайтарып бере алат.

Мыйзам долбоорундагы маселе эмнеде?

Уюмдан белгилешкендей, экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндөнү мыйзам долбоорун депутаттар коомдук талкууга чыгарбай туруп эле кабыл алышкан, муну менен алар Жогорку Кеңештин регламентин одоно бузушкан.

«Мыйзамда министрлер кабинетинин дискрециялык бийлигин күчөткөн ченемдерди камтыйт, бул ведомстволордо чоң бийликти топтоп, коррупциялык тобокелдиктерге жол ачат», — деп белгилешти БАУАдан.

БАУА бул долбоор кыска убакыттын ичинде салык режимдерин алмаштырууга, жаңы мамлекеттик төлөмдөрдү жана чыгымдарды киргизүүгө, салык жана бажы башкаруусунун эрежелерин өзгөртүүгө жол ачаарын эскертет.

Уюмдун эскертүүсүнө караганда, эгерде министрлер кабинети аталган ыйгарым укуктарын терс тарапка колдоно турган болсо, бул «пандемиянын экинчи жылы уланып жаткан убакта өлкөдө жеке ишкерчилиликтин шарттары оорлоп, аны менен бирге эле капиталдардын бизден качуусуна, жеке ишкерлердин көлөкөдө иш кылуусуна» алып келиши мүмкүн.

«Мыйзам долбоору ишканаларды жасалма түрдө банкротко учуратып, аларды басып алууну мыйзамдаштырат, өз кезегинде бул насыянын шарттарын өзгөртүү жана минкаб тарабынан ишкананы башкаруу сыяктуу жаңы эрежелерди киргизүү аркылуу ишке ашырылат, себеп дегенде мыйзам долбоору аларга ушундай ыйгарым берип коёт.

Мыйзам долбоору коомдук-укуктук мамилелердин негизин түзгөн жеке менчик институна дагы кол салат. Бул мыйзам долбоорун күчүнө киргизүү өкмөткө салык башкаруусунун эрежелерин тез өзгөртүү механизмдери аркылуу ар бир салык төлөөчүнү мүлкүнөн ажыратууга жана экспроприация* жүргүзүүгө шарт түзөт, — деп белгилейт БАУА.

*Экспроприация — бул жеке менчик ээлерин мүлктөрүнөн мажбурлап баш тарттыруу.

Уюмдан белгилешкендей, бизнес-коомчулугу экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун «кооптуу, экономикага зыяндуу, бизнестин ишенбөөчүлүгүн жараткан, улуттук ынтымакты жана коомдук-саясий туруктуулукту ыдыраткан» аракет катары тааныйт.

Кайрылууну экономиканын ар башка тармактарындагы 70тен ашык бизнес-ассоциациясы колдоду.

Экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору

29-июлда парламенттин депутаттары дароо үч окууда Кыргызстандын экономикасына ӨК киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Документти экономика министри Акылбек Жапаров демилгелеген.

Экономика министри Акылбек Жапаров 29-июлда парламенттин жыйынында. Сүрөт: Жыйындын трансляциясынан скриншот

Документке ылайык, өлкөнүн экономикасына ӨК режимин төмөнкүдөй учурларда киргизүү керек:

  • Эгерде өткөн айга салыштырмалуу отчеттук айда керектөө бааларынын индекси 3 ай катары менен орточо 3,5% жогоруласа;
  • Ички дүң продукцияга карата мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен 20% ашып кетсе;
  • 3 айдын ичинде ички дүң продукцияны түзүүчү экономиканын тармактарынын физикалык көлөмдөрүнүн индекси 20% кыскарып кетсе;
  • 3 айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү 20%га чейин кыскарып кетсе;
  • 3 айдын ичинде салык төлөмдөрү 20%га чейин кыскарып жатса;
  • Инвестициялык климаттын начарлаганда, эки кварталдын ичинде түз инвестициялардын чыгып кетүүсү 20%га өссө;
  • Бекитилген тартипте киргизилген өзгөчө кырдаалдын жана/же өзгөчө абалдын натыйжасында өлкөнүн экономикасына залакасы тийгенде, алардын кесепетин жоюуда.

Экономикага ӨК режими кандай киргизилет?

Экономикага ӨК режими, мыйзам долбооруна ылайык, тармактык мамлекеттик орган бул сунушту президентке киргизгенден кийин жети күндөн ашпаган убакта министрлер кабинетинин чечими менен киргизилет.

Учурда мындай мамлекеттик орган деп Экономика жана каржы министрлиги эсептелет.

Экономикага ӨК режими киргизилгенден кийин министрлер кабинети төмөнкүлөрдү кыла алат:

  • Салык режимин, ошондой эле салыктын жана жыйымдардын өлчөмүн өзгөртө алат;
  • кендерди колдонуу укугун берүү конкурстарынын, мамлекеттик сатып алуулар менен лицензияларды берүү, анын ичинде продукцияларды киргизүү жана каттоонун процедураларын өзгөртүү;
  • бюджетти түзүү жана аткаруунун тартибин өзгөртүү;
  • мамлекет тарабынан берилген насыяларды төлөө шарттарын өзгөртүү;
  • бюджеттик насыяларды реструктуризациялоо жүргүзүүнү чечет;
  • зайым алуу процедураларын жеңилдетүү;
  • тарифтик саясатты өзгөртүү;
  • ички жана сырткы сооданын эрежелерин бекитүү;
  • мамишканалардын жетектөөчү курамын шайлоо жана дайындоо эрежелерин түзөт;
  • мамлекеттик мүлктү башкаруунун эрежелерин жана мамлектеттик мүлктү убактылуу колдонууга берүү эрежелерин бекитет;
  • банкроттук процедураларды жүргүзүү шарттарынын эрежелерин бекитет.

Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен Бузуу жөнүндө кодексине штрафтын жаңы категориясы киргизилет. Ал жеке тарапка 20 миң сом, юридикалык жакка 1 миллион сомдук штрафты карайт. Мындай штраф салык төлөө жана соода ишмердигинде мамлекеттик эрежелер жаатында башкаруу тартибин бузуу үчүн салынышы мүмкүн.

Мыйзам долбооруна карата айтылган сын

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин бизнес-коомчулугу документти «чийки» жана «толуктоого муктаж» деп айтып чыгышты. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин пикири боюнча, документте «ишкерчилик субъектисине жана жалпы эле өлкө экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон» ченемдер камтылган.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит

Ал эми экономисттер мамлекет бул мыйзам долбоору менен бизнести жөнгө салууга аракет кылууда деп эсептешет.

«Кыргызстандын мамлекеттик органдары коррупцияга батып, бизнес чөйрө ансыз деле мамлекетке ишенбей турганда мындай мыйзамдардын кереги жок. Бюджетти бөлүштүрүп, аны сарптоо күчөтүлгөн көзөмөлдү талап кылат. Анткени бул тармакта кыянаттыктар көп. Мамлекеттик акчаны парламенттин макулдугусуз колдонуу коррупциялык тобокелчиликтерди арттырат. Ошондой эле, казынадагы каражатты натыйжасыз иштетүүгө жол ачышы мүмкүн», — деп эсептейт экономист Азамат Акенеев.

Мыйзам долбооруна карата президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши (АИК) дагы үн катты. АИК кээ бир киргизилген ченемдер президенттин бизнести онүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү тууралуу жарлыгына каршы келет деп белгиледи.