Араван РИИБдин кызматкери кош бойлуу жубайын жана 2 жашар уулун сабоого айыпталууда

Иллюстративдик сүрөт

Жактоочу Мухаё Абдураупова фейсбукта Ош облусунун Араван РИИБисинин кызматкери кош бойлуу жубайын жана 2 жашар уулун сабаганын билдирген.

Ошондой эле, ал «милиционердин адвокаты тергөөгө келбей жаткандыктан, тергөөчү сурак жүргүзүп, тараптарды беттештире албай жатат» деп белгилеген.

Кийинчерээк Абдураупова «Кактус» басылмасына маек куруп, экспертиза жабырлануучулар «жеңил жаракат алган» деген корутунду чыгарганын айтып нааразы болгон. Анткени аял учурда боюнан түшүп калуу коркунучунда турат.

«Алар [аял жана баласы — ред.] баш мээсинен жабык травма алган, экөөнүн тең денесиде, башында жана бетинде көк ала тактар бар», — деген жактоочу иш атайылап созулуп жатат деп божомолдоп.

Ошондой эле, Абдураупова жабырлануучу жолдошу тарабынан буга чейин да ур-токмокко алынып жүргөндүгүн кошумчалаган.

Мындан сырткары, ал окуя болгон күнү милиционер соо абалда экенин белгилеп, жубайы менен уулун сабагандан кийин, үйүнөн чыгарып койгонун белгилеген. Учурда алар ата-энесинин үйүндө баш калкалап жатышат.

Милиция эмне дейт?

Ош ОИИБиден Араван РИИБде иштеген милиционердин 28 жаштагы жубайы Кара-Суу РИИБисине арыз менен 10-июлда кайрылганын тастыкташты. Арызда ал жолдошу менен пикир келишпестиктен улам чырдашып, андан соң күйөөсү аны жана 2 жашар баласын сабаганын билдирген.

*Милиционер Араван РИИБиде аймактык милиционер болуп эмгектенет. Бирок үй-бүлөсү менен Кара-Суу районунун Фуркат айылында жашайт.

Аталган факт КЖБРге «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталган. Ал эми дайындалган соттук-медициналык экспертиза жабырлануучулар жеңил жаракат алышкан деп жыйынтыкка келген.

Облустук милициядан милиционердин аракети боюнча ички иликтөө жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланып жатат деп ишендиришти.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган учурларынын саны жыл сайын өсүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы 6 145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жабыркагандардын эң көбүн аял кишилер түзгөн — 5 659.

Ал эми ИИМдин статистикасы боюнча 2020-жылдын ичинде 9025 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бирок көп учурда жакындарынын зомбулугуна кабылгандар кысым же дагы башка таасирлерден коркуп милицияга кайрылышпайт.

Дагы окуңуз:

«Аялдар адам эмеспи?» Депутаттар ИИМдин аракетин сынга алып, жазаны күчөтүүнү сунушташты

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

2019-жылы аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны 14%га көбөйдү — Улуттук статком