Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын ичинен 43ү Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин колдоду. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

«Менин бизнесим же шаарда башка кызыкчылыктарым жок. Күн сайын иштөөгө, шаар көйгөйлөрүн билүү үчүн кыдырууга даярмын», — деп билдирди жаңы шайланган мэр.

Буга чейин борбор калаа башчылыгын аркалагандардын бизнеси бар болчу — мэрлердин арасында курулуш компанияларга, бизнеске жана соода борборлоруна байланышы бар чиновниктер болуп келген.

Жунушалиевдин Бишкек мэрлигине талапкерлигин 17 августта минкабдын төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы сунуштаган. Ал 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейинки мэрдин милдетин аткаруучу, Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов 14 күн иштегенден кийин кызматын тапшырган.

Айбек Жунушалиев 2021-жылга чейин жогорку кызматтарда иштеген эмес. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып кызматтык тепкичтен жогорулай баштаган. Анда Жунушалиев өкмөт аппаратынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Май айында ал минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болгон. Ал бул кызматка Артем Новиковдун ордуна келген.