COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 100 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 7-сентябрда карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 3 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 557 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 100 учуру катталды — Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 19, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 3, Баткен облусунда — 4. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 176 682ге жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 121 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 170 745 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 788 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 1 139.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 14 303 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 7-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 707 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 489 миңден ашуун.