Тажикстан ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусуна катышпайт

Тажикстан Ысык-Көлдө өтүп жаткан Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) «Рубеж-2021» машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Кирешеев тажик тараптын машыгууга катышпаганынын себебин түшүндүргөн жок, бирок жакын арада кыргыз аскерлери Тажикстанга машыгуу үчүн барарын айтты.

Буга чейин ЖККУнун өкүлү Владимир Зайнетдинов октябрь айында тажик-ооган чек арасынан алыс эмес аймакта жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлеринин чалгындоо күчтөрүнүн катышуусундагы «Поиск» машыгуусу өтөрүн билдирген.

Андан соң «Эшелон» материалдык-техникалык камсыздөө бөлүмү менен «Взаимодействие» жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн машыгуусу өтөт. Ал эми ноябрь айында «Кобальт» атайын-тактикалык машыгуусу Тажикстанда өтөөрү пландалган.

«Рубеж-2021»

ЖККУнун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен өтүүчү «Рубеж-2021» биргелешкен аскердик машыгуусу 7-9-сентябрь күндөрү «Эдельвейс» окутуу борборунун базасында өтмөкчү.

Буга чейин ЖККУнун Биргелешкен штабынын басма сөз кызматы магышууга Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, ЖККУнун сектератиаты менен Биргелешкен штабынын аскердик контингенти жана ыкчам топтору катышарын билдирген.

Машыгуунун темасы — «Борбор Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүкчөлөрүн ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагын басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылууга даярдык жана аскердик аракеттерди киргизүү»

ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Орусия кирет.