«Чектен чыккан жапайычылык». Мадумаров Орозайым Нарматованын кармалышын сынга алды

Саясатчы жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров активист, өзүнүн тарапташы Орозайым Нарматованын кармалышы тууралуу пикирин билдирди. Ал муну «чектен чыккан жапайычылык» деп эсептейт.

«Эки доско* каршы сүйлөп койсоң бийлик аны мамлекетке каршы сүйлөгөндөй кабыл алат. Каалаган берене менен айып коё берет, ал жараша берет. Бул өтө чоң жапайычылык. Орозайым Нарматова бир ай атасынын үйүндө жаткан экен. Эмне үчүн укук коргоо органдары үйүнө басып барып койбойт? Эмне үчүн аэропортко келип учайын деп каттоодон өтүп жатканда кармашат? Милиция качантан бери чек араны кайтарып калды эле? Ал эми чек ара кызматы кимге баш ийет билесиңер. Экинчиден, ал кыз жападан-жалгыз бир тууган агасынын сөөгүн алып келип жерге берип, кыргыздын салты боюнча 40 күндөн кийин жеңесин, агасынан калган төрт баланы алып кетип баратканда кармалганы чектен чыккан жапайычылык», — деп билдирген Мадумаров «Азаттыкка».

*Мадумаров президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди айтып жатышы мүмкүн. Экөө тең жакын достордон экенин бир нече жолу айтышкан, ал эми Ташиев 2020-жылдын аягында алардын «достугу кылымдар бою уланарын» айткан.

Орозайым Нарматованын кармалышы

Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин Бишкекке алып кетишкендиги тууралуу кабарланган. Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген

«Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «президент жана кызматта турган кишилерди сындагандар» жоопко тартыла тураганын билдирген. Ташиевдин айтымында, учурда коомчулукта «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар — УКМК алардын баарын «каттоого алып жатат» деген Ташиев.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Анткен менен Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынып, ал эми юристтер «өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эмес» деп айтышкан.

Тема боюнча:

«Агасынын тажыясына келген». Ош аэропортунда Орозайым Нарматованы кармап кетишти