Теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан каза болду

Маркум теле алып баруучу Алексей Филатов

12-сентябрга караган түнү теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан каза болду. Бул тууралуу анын устаты, коомдук ишмер Ассол Модокматова фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Филатов эки жарым айдан кийин 33 жашка чыкмак. Мындан үч күн мурун Молдокматова анын шакирти пневмониядан улам ооруканага жаткырылганын жана анын абалы оор экенин кабарлаган болчу. Ал эми 11-сентябрда дарыгерлер аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушкан.

«Мен Филатовду “Лимон” гезитинин редакциясынан көргөнүмдө ал 15 жашта болчу. Мен анын жылдыз болооруна ишенгем. Аны менен күн сайын иштедим. Ошентип ал “Хит-парад” музыкалык программасын алып бара баштады. Андан соң көптөгөн долбоорлордо алып баруучу болуп жүрдү. Филатов мени ар жыл сайын туулган күнүм менен таңга маал куттуктачу, анын эми жок экендигине ишенгим келбейт», — деп эскерди Молдокматова өзүнүн шакиртин.

Алексей Филатов — коомчулукка «Хит-парад» программасын алып баргандан кийин таанылган. Ошондой эле, ал «Филатов мектеби» аталыштагы жеке бий мектебин ачып, иштеп жүргөн.