«Клооп Медиа» котормочу үчүн бир жумуш ордун ачты. Талаптар менен таанышып, эгерде вакансия ылайык келсе, жарыянын эң ылдый жагындагы онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирме 21-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Эмне кылыш керек?

Котормочу Kloop.kg сайтына чыккан материалдарды орус тилинен кыргызчага которот. Күнүнө мындай материалдардын саны 7-10ду түзүшү мүмкүн. Зарыл учурда кыргыз тилинде алынган интервьюларды жана даярдалган материалдарды орусчага которуп берет.

Милдеттери кандай?

  1. Орусчадан кыргыз тилине тексттерди сабаттуу которуп сайтка чыгарат
  2. Кыргыз тилиндеги материалдарды коомдук желелерде таратат
  3. Кыргызча даярдалган материалдарды орус тилине которуп берет
  4. Өз алдынча жана команда менен иштей алат
  5. 24/7 байланышта болууга макул

Айлыгы канча? Маектешүүнүн натыйжасында макулдашылат.

Жумуш орду: Бишкек шаарындагы «Клооп Медианын» кеңсеси