Куралдуу жаңжалда жабыркаган баткендиктерге камсыздандыруу төлөмүн берүү сунушталды

Минкабдын басма сөз кызматы экономика жана финансы министрлиги аскердик аракеттерден жабыр тарткан кыргызстандыктарга камсыздандыруу кенемтесин төлөөнү сунуштаганын билдирди.

Учурда, колдонуудагы мыйзамга ылайык, «аскердик аракеттердин, манёврлардын же башка аскердик чаралар, ошондой эле жарандык согуш учурунда» камсыздандырылган мүлктөн кол жууса кенемте төлөнбөйт. Алар «кайтарылгыс жагдайдын шартында» жок кылынды деп саналат.

Экономика жана финансы министрилиги болсо «Баткен облусунда согуш аракеттеринин, манёврлардин же башка аскердик чаралардын натыйжасында турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча келип чыккан камсыздандыруу учурлары үчүн» төлөмдөргө уруксат берүүнү сунуштап жатат.

Түзөтүү 2021-жылдын май айынын башында Баткен облусунда куралдуу жаңжалдан кийин жергиликтүү тургундардын «кыймылсыз мүлкү жабыркаганы» менен түшүндүрүлөт. Министрликтин өкүлдөрүнүн пикири боюнча, зыянга учураган баткендиктерге учурда жана келечекте компенсациялап бериш үчүн мыйзамга өзгөртүүлөр керек.

«Бул долбоордун кабыл алынышы жарандардын милдеттүү камсыздандыруу системасына болгон ишенимин жогорулатууга жана калк менен камсыздандыруу уюмдарынын ортосунда өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө жардам берери күтүлүүдө», — деп айтылган мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүүнүн маалымкат-негиздемесинде.

Бирок, ошол эле учурда, кайсы бир себептер менен мыйзам долбоорунда согуштук аракеттерден зыян тарткандарга кепилденген компенсация бир гана Баткен облусуна сунушталган. Иш жүзүндө Кыргызстандын калган алты облусунун жашоочулары коңшу мамлекеттер менен куралдуу кагылышуу боло турган болсо, камсыздандырылган мүлкү кыйраган учурда кенемте албайт.

Куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажикстан тарап каза болгондор менен жаракат алгандар тууралуу 6-майда гана маалымат жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.