«Манас» аэропортунун жолунда аялды сүзгөн мотоциклист үй камагына чыкты

20-сентябрга караган түнү Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортунун жолунда аялды сүзгөн мотоциклист үй камагына чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

«Отурумда шектүүнүн туруктуу жашаган жери, аялы жана жаңы төрөлгөн баласы, багууга муктаж болгон ата-энеси бар экени эске алынып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынды», — деп жазылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Окуя 19-сентябрь кечинде катталган. Анда мотоцикл башкарып бара жаткан адам аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу жеринде дароо жан берген.

Кырсык болгон жерге Сокулук РИИБнин милиция кызматкерлери барган. Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы аталган факт КЖЖБРге «Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарынын эксплуатациясын бузуу» беренеси менен катталганын билдирген.

Ошол эле күнү кырсык болгон аймакка жакын жашаган тургундар, катуу ылдамдыкта жарышып ойногон айдоочуларды тыюу талабы менен жолду тосушкан. Бирок милиция кызматкерлери келгенден кийин алар тарап кетишкен.