«Оор соккудан улам жүрөгү токтоп калган». Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүнүн себеби айтылды 

Чүй облустук ИИББнин басма-сөз кызматы милиция Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча экспертиза жыйынтыкталганын «Клооптун» журналистине билдирди.

ИИББдин маалыматы боюнча, иш «Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен тергелип жатат.

«Комиссиялык экспертизанын корутундусу Игорь Якуниндин өлүмүнө көкүрөк тушуна тийген оор соккудан улам жүрөктүн рефлектордук токтоп калышы себеп болгонун көрсөттү», — деп билдиришти милициядан. Ошондой эле тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

Игорь Якунинге эмне болду эле?

Өспүрүм каза тапканы тууралуу кабар 1-июнда тараган. Анда милицияга Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окуучусу Игорь Якунин уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан.

Окуучунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. ИИББден белгилешкендей, каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирген.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө Игорь жогорку класстын окуучусунунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетишпей, заара ушатып койгон», — деп билдирген ал.

Кийин ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранган.

Жыйынтыгында, президенттин басма сөз кызматы Якуниндин ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Ал эми балдар үйүнүн директору тергөө маалында жумуштан четтетилган.