Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миң сомго iPhone жана ага аксессуар алууну көздөп жатат

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши 29-сентябрда 190 миң сомго iPhone 12 Pro Max телефонун, ага керектүү аксессуарларды жана байрак сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлеккеттик сатып алуулар сайтында жазылды.

Жарыяланган тендер. Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан скриншот

150 миң сомго iPhone, телефон тирөөч, Powerbank, андан тышкары Apple колдонмосу үчүн стерео конденсаторлуу микрофон жана Phone 12 Pro Max үчүн аккумулятор сатып алуу пландалган.

iPhone жана аксессуарлары үчүн жарыяланган лот. Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан скриншот

Калган 40 миң сомго герб жана туу сатып алуу пландалган. 

Герб жана туу сатып алууга жарыяланган лот. Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан скриншот

Шаардык кеңеш эмне себептен уюлдук телефон жана ага аксессуарларды сатып алууну чечкени белгисиз.

Материал жарык көргөн убакта «Клооп» Кара-Көл шаардык кеңеши менен байланыша алган жок.

Тема боюнча: Жылдыз Бакашова: Блогердин кызматы үчүн 1,5 млн сомдук тендер жокко чыгарылды

Башкы беттеги сүрөт: Alexandar Todov / Unsplash