Бейшеналиев: COVID-19’дун төртүнчү толкуну парламенттик шайлоодон кийин күтүлүп жатат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-октябрда «Биринчи радионун» эфиринде COVID-19’дун төртүнчү толкуну күтүлүп жатканын, калкты коргоо боюнча ведомствонун ага карата чаралары боюнча айтып берди

Алымкадыр Бейшеналиев. Скриншот: «Биринчи радио»

COVID-19’дун төртүнчү толкуну

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкуну Жогорку Кеңештин шайлоосу* өткөндөн кийин ноябрдын аягында күтүлүүдө.

*Парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган.

Анын айтымында, өлкөнүн саламаттык сактоосу үчүнчү толкундан ийгиликтүү өткөн — буга чейинки толкундарына караганда каза тапкандар 10 эсе аз болгон.

«Бул жылы ооруканалар концентратор жана өпкөгө жасалма деп алдыруу аппараттары сыяктуу жабдуулар менен жакшы камсыздалган. Эгерде жарандар эмдөөдөн жигердүү өтүшсө, анда төртүнчү толкунду мындан да жакшы өтөбүз деп ойлойм», — деди Бейшеналиев.

Ал ооруканалар медициналык жана жеке коргонуучу каражаттар менен үч ай алдыга камсыздалганын дагы кошумчалады.

Генераторлор керек

Бейшеналиевдин айтымында, министрлик электр энергиясы өчкөн маалда операцияда жана ИВЛ аппараттарында жаткан бейтаптар жабыркап калбашы үчүн ооруканаларга генераторлорду орнотуп жатат.

Министр энергетика министрлиги менен COVID-19’га каршы вакциналарды сактоо пункттарына байланыштуу көйгөй жараткан маселени дагы талкуулоо пландалып жатканын белгиледи.

«Препараттар муздаткычтарда сакталышы керек, анын үстүнө жакында өлкөгө 70 градус төмөн температурада сакталышы керек болгон Pfizer жана Moderna вакциналары алып келинет. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда вакциналарды жоготуп алышыбыз мүмкүн», — деп белгиледи Бейшеналиев.

Бирок генератор көп санда керек, ал эми каражат чектелүү. Саламаттык сактоо министрлиги демөөрчүлөрдөн жардам издеп жатат.

ПЧР-тест арзандады

Бейшеналиев радионун эфиринде COVID-19’ду аныктаган ПЧР-тестти эми мамлекеттик ооруканаларда дагы тапшырса болорун айтты.

«Процедура болжолу 500 сом турат, бул жеке менчик лабораторияларга караганда бир топ эле арзан», — деп билдирди чиновник.

Соңку маалыматтарга ылайык, жеке лабораторияларда анализ тапшыруунун наркы 1700 сомдон 2390 сомго чейин турат.